Автор книги: Замирбек Өсөров
Жанр: Современная русская литература, Современная проза
Возрастные ограничения: +12
сообщить о неприемлемом содержимом
Текущая страница: 1 (всего у книги 11 страниц) [доступный отрывок для чтения: 3 страниц]
С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет
Келерки миллениумга саякат
Замирбек Өсөров
© Замирбек Өсөров, 2024
ISBN 978-5-0062-8433-3
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
Баш сөз ордуна
Ажайып нерсе жөнүндө жазылган ажайып чыгарма
Силердин колуңарга таланттуу жазуучуларынын бири – Замирбек Өсөровдун жаңы китеби тийип турат. Буга чейин бул автордун уч китеби жарык көргөн. «Элинор Ригби» аттуу фантастикалык повесть кыргыз жана орус тилдеринде 1992-жылы Ош мамлекеттик басмаканасында басылган жана быйыл ошол эле жерден «Аргасыз бизнес» аттуу сатирико-фантастикалык пьеса тираждалды. Бул жаңы китебинде да Замир-иним журналист жана фантаст катары өзүнүн буга чейин ачылбаган сырларын бизге тартуулап жатат. Китеп эки бири бирине тыгыз байланышкан бөлүктөн турат. Биринчисин ЭЖИАД соопчулук фондунун демилгеси менен алыскы тоолуу аймакта алгачкы уюштурулган Ноокат мектеп-лицей билимканасы жөнүндө журналисттик изилдөө, очерк түзсө, экинчи жарымы фантастикалык новеллага берилген. Эки чыгарма тең азыр биздин көзүбүздө болуп жаткан педогикалык реформанын, анын келечек үчүн өтө зарылдыгынан от алып, жалындап пайда болууда.– Ноокат билимканасы бул сонку кылымдын кыргыз мектеби, —дейт бул китептин автору. – Эгерде өлкөбүздө, алыскы тоолуу аймактарда, ушул сыяктуу 40 мектеп-лицейлер пайда болсо, анда тарыхый кыска мөөнөттө эле, 10—15 жылдан кийин, өлкөбүз аябай зор жетишкендиктерге ээ болушу мүмкүн. Ал эми 100—200 жыл өткен соң Кыргызстандагы эң алыскы тоолу айыл-кыштагы жазуучунун экинчи бөлүгүндө кеңири чагылдырылган келечектин зор, ажайып шаарына айлануусу ыктымал. Кыскасы, биринчи бөлүгүндө мектеп-лицей жөнүндө кеңири сөз болсо, экинчисинде анын келерки кылым үчүн зор мааниси жана таасири көркөм, фантастика түрүндө чагылдырылып, уникалдуу китеп жаралды десе болот. Ажайып нерсе жөнүндө ажайып жазылган чыгарма менен жазучууну да, жаңы типтеги кыргыз мектептерди уюштурган ЭЖИАД Фондунун кызматкерлерин да – китептин негизги каармандарын куттуктап, аларга келечекте албан ийгиликтерди каалаймын чын жүрөктөн,
Даир Асанов,
Улуу Ата-Мекендик согуштун Баатыры, генерал-майор.
(бул комментарий китептин биринчи басылып чыгышына, 1995-ж. Бишкек ш., жазылган)
«Адамзат канткенде оңолот?» —
деген суроого жооп берген китеп
Автор азыркы күндө ар бирибиз үчүн өзгөчө маанилүү болгон билим жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү жана адам баласын дайыма түйшөлтүп келген, «адамзаты канткенде оңолот?» – деген маселенин канчалык деңгээлде маанилүү экенин белгилейт.
Китептин биринчи бөлүгүндө Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» мектеп-лицейи тууралуу, билим алган окуучуларга коюлган талаптар ошондой эле окуучулар үчүн түзүлгөн эң сонун шарттар жөнүндө маалыматтар жазылган. Бул мектеп-лицейинин окуучуларынын жетишкендиктери, олимпиадаларда дайыма жеңиштерге ээ болуп, каалаган жогорку окуу жайларга өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондорун окуган адам сүйүнөт. Окуучулардын ушундай жакшы жетишкендиктерге ээ болуусуна албетте, мыкты мугалимдердин салымынын зор экендиги талашсыз. Мындай оор түйшүктү мойнуна алып, жыйынтыгына көзү жеткен жаш илимпоздор менен педагогдор бул ийгиликке жетишүү үчүн эчендеген кыйынчылыктардан өтүштү.
Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев шакирттеринен «Ноокат билимканасы» тибиндеги 40 мектеп-лицейлерди Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында уюштуруп берүүлөрүн талап кылууда. «Ар-бир райондо жок дегенде бирден лицей сөссүз болушу керек, антпесек таланттарыбыз өсүп-өрчүбөй жок боло берет» —дейт илимпоз. Азрет-Алий Боташевдин келечекти көрө билген стратегиясын жакынкы Өзбекстан жана Казахстандын кээ бир райондору дагы колдоп, өздөрү дагы иш жүзүнө ашырып башташкан.
Албетте, ЭЖИАДдын алдыга койгон максаттары мактоого татырлык. Лицейдеги тоолуу аймактардан келген окуучуларга англис тилин мыкты үйрөтүп, кыргыз элинин маданиятын, үрп-адаттарын да биргеликте окутуусу жакшы көрүнүш.
Лицейдин алгачкы директору Саадат Сатарованы мыкты педагог, уюштуруучу катары гана билбестен, окуучуларга жасаган жылуу-жумшак мамилеси, таланттуу окуучуларды колдоп, туура жолго багыттаган өзгөчө сапатка ээ, окуучулардын талантын ача билген көрөгөч даанышман катары да билсе болот. Саадат Сатарова лицейге келгенден сегиз ай өтпөй лицейде окуган окуучулардын 70% (8 класстан тартып 11 класска чейин) англис тилинде эркин сүйлөп калышы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Бул лицейде иштеген ар бир мугалимдин таланттуу, өз ишин мыкты билген адис экендигинде шек жок. Замандын талабына ылайык, окуучулардын логикалык көз караштарын өөрчүтүү максатында, кээ бир предметтердин айкалыштырып окутулушу мактоого татырлык.
Материалдык базанын төмөндүгү, жатакана, имарат, окуу корпустарынын талапка ылайык келбегени сыяктуу көйгөйлөр келечекте чечиле турган маселелердин бири болуш керек.
Келечекте Кыргызстандын тоолуу аймактарына 40 мектеп-лицейи ачылса, республикабыз жылына 600дөй дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистерге ээ болот экен.
Лицейдин дагы бир өзгөчөлүгү, окуучулардын кандайдыр бир өнөрүнө, шыгына, жөндөмүнө жараша окутуу. Таланттарды издеп табуу. Келечекте сапаттуу адистерди жаратуу.
Өмүрзак Мамаюсуповдун айтуусунда, бул лицейлердин Кыргызстан боюнча системасын уюштуруп, төрт негизги максатын белгилейт. Алар: балдарды тарбиялоо, дүйнөлүк деңгээлдеги кадрларды даярдоо, элдин биримдиги жана башка өлкөлөрдө жашаган улутташтар менен байланыштарды түзүү.
Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, тоолуу аймактардагы окуучулардын талантын ачып, туура багытка жол көрсөтүп, өз билгендерин аянбай жанын үрөп, талыкпай эмгек кылган инсандарыбыздын жасаган эмгектеринин үзүрү кайтат деп ишенсе болот. Жан дили менен эмгектенген педагогдордон билим алган лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте Кыргызстанга зор салымдарын кошкон, кыргыз эли сыймыктанган мыкты инсандардан болорунда шек жок.
Китептин экинчи бөлүгү: Галлей кометасы. Жылдыздар канышаасы.
Бул бөлүмдө 76 жылда жер планетасына бир көрүнүүчү Галлей кометасына Акыл деген баланын саякаты тууралуу. Акылдын Галлей кометасынан жердеги өзүнүн кичинекей Кызыл-Суу айылынын 2138-жылдагы абалын көрүп суктанганы. Азыркыдай баткак, чаң баскан, эски ураган үйлөрдүн ордуна заңгыраган бийик имараттардын, кооз салынган мектеп, китепканалардын салынышы Акылды тамшандырат. Кызыл-Суунун ажайып таза абасы, Диснейлендге окшогон балдар паркы, автоматташтырылган тратуарлар, бассейн, стадиондор баланын оюн бурат. Демек ушундай жашоо мүмкүн экенине ынанды. Шумдуктуу 22-кылымдын электроникасы, пионерлер үйүнүн экинчи кабатында жайгашкан «келечектин кең залы» баланын жан дүйнөсүнө абдан чоң таасир калтырат. Жылдыздар канышаасы Акылга зор компьютерлерди көрсөтүп, мугалим окуучуга үйрөткөндөй, ар бир кызыккан нерселерин түшүндүрүп берет.
Баланын көз карашы өзгөрүп, жакшы жашоо дагы, жаман жашоо дагы адамдардын өз колунда экендигине көзү жетет. Баткакка малынган Кызыл-Сууну оңдоонун жолу – жакшы окуу, тартиптүү болуу, ийгиликтерге жетишүү экендигин түшүнөт. Ар бир инсан билим деңгээлин көтөрүп, көп окуп, өз мекени үчүн пайдалуу иштерди жасаса болорун билет. Ар бир предметтин канчалык деңгээлде маанилүү экенине баа берет. Ал эми акылга акыл кошкон, билимди тереңдетип үйрөткөн, туура жолду тандоого багыт берген мугалимдин орду канчалык маанилүү экендигине ынанат. Жакшы билим алган окуучулардан мыкты адистер чыгып, келечекти жакшы жакка өзгөртүүгө болорун өз көзү менен көрөт. Баткакка белчесинен баткан айылды да, адамдарды да билимдин күчү менен эң бир сонун жаркыраган жашоого алып келүү мүмкүн экенин түшүнөт.
Камилла Шаршекеева,
Кыргызстан агартуу системасынын экс-министири, АУЦАнун негиздөөчүсү.
Алысты көрө билген адамдар тууралуу баяндама
Бул китеп эки бөлүмдөн турат. Биринчисинде кыргыз мектебинин жаңы модели тууралуу автор баян кылып, анын маанисин талдап, экинчи бөлүктө дүйнөлүк деңгээлдеги агартуу система биздин жашообузду кантип өзгөртө ала турганын «Галлей кометасы» атындагы илимий-фанттастикалык эмгекте оюн чагылдырат. Негизи бул китептин жарымы Кыргызстандын агартуу системасынын жылдыздарына арналып, аягы асмандан түшкөн жылдыздын аныктамасы, алыскы келечектин батасы менен бүтөт. Бул китептин өзгөчө баалуугу мына ушунда. Автор алысты көрө билген адамдардан болуп, Кыргызстандын мыкты мектебин жараткандар менен биргеликте, Жер жүзүндө кылымда бир жолу келип кеткен Галлей кометасы, Жылдыздардын канышасы коштоосу менен бул жашоонун эң татаал маселелерине жоопту берүүгө аракет кылды.
Бегалы Тагаев,
философиялык илимдердин доктору, КМУУнун профессору.
Аалам менен сырдашууга,
кыргыздын мыкты мектебине арналган китеп
Планеталар аралык байланыш… Аалам менен Аламдын байланышы… Улуу Жараткан менен Адамдын байланышы…
Глобалдык теманын үстүнөн иштөөгө аракет жасаган белгилүү жазуучу Замирбек Өсөрөвдун чыгармачылыгы мектеп окуучуларынын комета менен бирдиктүү иш-аракеттерин 1995-жылдары сүрөттөөсү бүгүнкү күнү фантазия эмес экендигин белгилегим келет. Конкреттүү айтканда: өзүмдүн – Бегалиева Өмүрбүбүнүн Улуу Жараткан, Эр Манас жана планеталар менен байланышуусунун далилдүү фактылары.
Алар: 1) тилдин кыя кесилиши аркылуу Улуу Жараткан жана Манас Дүйнөсүнөн редакцияланып, дайын түрдө жиберилип жаткан жазуулары, ырлары; 2) Планеталар жана жылдыздар менен кыймыл-аракеттер аркылуу, тил аркылуу көрүнөө ачык түрдө баарлашуу.
Чындыгында көз көрүнөө Планеталар жана жылдыздар менен байланышуу жүрүп жаткан доордо жашап жаткан мезгилдебиз. Андыктан, жазуучу Замир Өсөров менен Ноокат райондук планетардык мектептин окутуучулар жамаатына, келечектүү мектеп окуучуларына планетардык масштабдагы ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз.
Өмүрбүбү Бегалиева,
философ, акын, манасчы, дизайнер, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Замирбектин китебине болгон ой толгоолор
Жазуучу, акын, журналист Замирбек Өсөров чыгармачылык жолунда уламдан улам күчтөнгөн кеңири кыялдагы позитивдүү көз караш изин таап келет.
Жаратмандын жараткан чыгармалары окулуш ыраатына келгенде атайын даярдык менен барууга туурадай (?) … Бир караганда табышмактуудай сезилген көрүнүштөр көрөңгөсү бар адамдарга даана көрүнө баштайт. Жаратманда алга жетелеген алдыга умтултуучу процесс жашап турат.
Көп жылдык журналисттик жолунда Замирбек Өсөров чындыктын өзөгүн издейт. «Ноокат билимканасы» тууралуу документалдуу эмгеги билим берүүдөгү өзөктүү проблемаларды ачууда ийне жибине чейин ачууга барган. Ийгиликти жаратуучулардын келечектүү аракеттерин дыкаттык менен анализдеп, салмак баасын берип жазып чыкканы байкалат.
Ал эми, ак ыр (акростих) коштолуп туруусу алган теманы ого бетер байытып, кошумча палитрадагы жандуу боектор менен коштолгондугу аркылуу кызык. Автор жылдыздарга саякаты өзүнчө чоң көңүл бурууга арзыйт. Дайыма изденгич чыгармачыл инсан, адамзатын космостук билим деңгээлине көтөрүлүүгө үндөйт. Жылдыздарды аралап саякат куруу миссиясы, ой жүгүртүүнүн апогейине көтөрүлтөт. Билими жогору эл, дайыма бийиктикте жашаарын таасын белгилеп, улут үчүн болгон толгон интеллектуапдык жогорку сапатын жазуучулук потенциалында ачып берген. Аталган китебинде Замирбек Өсөров поэзиядагы илимий техникалык өнүгүү-прогрессти чагылдырууну баштаган новатор жаңычыл автор экендигин далилдеди.
Замирбек Өсөровдун чыгармасына жогорку баа берүү менен келечектүү ойлору ишке ашып, жарык көрө турган китеп эли журтубузга алымдуу, окумалдуу болсун! Алдыда дагы дагы зор зор ийгиликтерди жарата беришине тилектешбиз.
Муратбек Рысбеков,
акын, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Бул жашоодо көп нерселерди ылдам эле оңдосо болот
Автор эки тилде – кыргыз жана орус тилинде жазган жазуучу жана акын, саясый журналист катары коомчулукка кеңири таанылган чыгармачыл инсан. Кыргыз тилине, кыргыз мектебине жана Кыргызстандын келечегине арналган бул китептеги байкоолор, ой-толгоолор, жыйнтыктоолор кыргыз окурманга пайдалуу болот, себеби автор чындыкты жашырбай, жымсалдабай ачык жана так айтып көнгөн адам, ошол эле убакта кетирилген катаалардын оңдоо жолдоорун даана көрсөтүүгө аракеттенет. Бул жашоодо көп нерселерди ылдам эле оңдосо, баткакка батпай эле суурулуп чыгууга болот деген идеяны сунуштайт.
Дуйшөн Керимов,
«Кыргыз тил» гетизинин редактору, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Кыргызская школа – залог свободы страны
Надо создавать современную кыргызскую школу на уровне мировых стандартов.
Без этого не будет возможным никакое развитие. Книга актуальна именно этим обстоятельством – опытом и достижением одной кыргызской школы в горном аиле. Когда все 2000 школ страны поднимутся на такой же уровень, тогда можно будет сказать, что будущее Кыргызстана и ее свобода надежно защищены.
Валерий Яковлев,
президент общественного фонда «Борьба за мир»
Звездная ночь Сагитариуса
Я хотел бы обратить на такую особенность этой книги, которая в целом посвящена звездам на Земле и на Небе. Такое ошущение, что автор пригласил нас сесть за невероятно щедро накрытый дасторкон, который ощеломляет предлагаемыми явствами. Чего только тут нет!? Особенно поражает финальная часть повествования, в которой идет обращение к космосу. Небо и Вселенная являются неотъемлемой частью нашего бытия, вдохновляющие и озарящие нас своей звездной красотой, своими безграничными секретами и огромными энергиями, и возможностями. В целом, я потрясен данной книгой, как если и в самом деле вслед за автором совершил путешствие в далекое будущее Кыргызстана и нашей планеты, и космоса. И спасибо особое писателю, что открыл для меня Сагитариуса.
Женаалы Камбаралиев,
журналист, директор телекомпании «Азия-ТВ»
Улуу ийгиликтер али алдыда
Убагында Кыргызстандагы алыскы тоолуу аймактарда талантуу кыргыз балдарлары үчүн 40 заманбап билимканаларды уюштуруу – бул чын эле улуу демилге болгон. Бул максат толук бойдон ишке ашырылбаган болсо да, өлкөбүздө бирин-серин «Ноокат билимканасындай» мектеп-лицелердин пайда болушу жана алардын алгылыктуу иш алып барганы, көптөгөн ийгиликтерге жете алганы мактоого арзыйт. Ар бир инсан, чыныгы адис же залкар жаран орустар айткандай штучный товар эмеспи, ошондуктан «Ноокат билимканасынан» 30 жылдан бери чыгып жаткан атуулдарбыбыз акыры Кыргызстанды көптөгөн албан ийгиликтерге алып келишет деген үмүттөбүз.
Назаркул Жоошбаев, журналист.
Китептин алгачкы басылып чыгышынын биринчи бети. 1995-жыл.
Ноокат Билимканасы: Келечекке саякат
Алыскы тоолуу мектептерди дүйнөлүк стандарттагы
окутуунун деңгээлине жеткирүү
Урматтуу окурман! Мындай бийик талапты коюуга биздин бугунку турмушубузда негиз барбы же жокпу? Ошого жараша акылыбыз, түшүнүгүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жетишерликпи же бул жөн эле курулай кыял, көк мелжиген өпкөсу жок фантазиябы? Алыскы элеттик жергебиздин балдары өз айыл-кыштактарында жашап, ошол эле төрт тарабы тоого курчалган жерден окуп дүйнөлүк стандарттагы көрсөткүчтөргө жакындаган орто билимге ээ болуша алабы? Тайсалдабай айтканда, дүйнөлүк сапаттуу билимге чабан, дыйкандардын мыкты балдар-кыздары жетише алабы? Же мындай престиждуу окутууга Оксфорд, Париждерге жөнөтүлүп жаткан жалаң гана улуу жазучуулардын, президенттердин, банк мүдүрлөрүнүн, бакыйган акимдердин балдары татыктуубу? Ал эми токсон тогуз пайыз башкалары, асыресе төрт тарабы тоо менен курчалган айылда өсуп жаткан жаштарыбыз, ата-энелеринин жардылыгынан, тубаса таланттарына карабай, мындай окутуудан обочо калышабы? Ошол таланттарын бапестеп өрчүтпөй түбөлүк кой-малдын артынан жүрүп өмүр сүрүшөбү?
Жок, урматтуу окурман, окугусу келген адам каерде болбосун, эң сонун, сапаттуу билимге ээ боло алат экен, биз деле өзүбүз мындай мектептерди айыл-кыштактарыбызда өз күчүбүз менен ачууга, ишин жандандырууга кудуретибиз жетишерлик экен, ал турсун мындай мектептерди элет жерде ачуу – биздин турмушубуздун эң бир зарыл, көйгөйлүү иши, учурдун негизги талабы экен.
Себеби, бул «номер бир» проблемабызды чечмейинче, бул багытта зор иштерди аткармайын, биздин коом эртеңки рухий жана материалдык жетишкендиктерден куру калганы бышык. Ошондой эле жер-жерлерге бөлүнүүдөн, трайбализмден, айыл менен шаардын ортосунда күчөп бараткан ажырымдан, карама-каршылыктардан кутула албайбыз.
Мына ушундай бийик жана адал максатты Кыргызстанда уюшулган «Эркин Жаш Ишкер Адамдардын Достугу» аттуу соопчулук фонд (ЭЖИАД) өзүнүн негизги багыты деп билет. Бул фонд башынан эле өлкөбүздөгү бизнесмендерди, илимпоздорду, жетекчилерди, кыскасы, бүгүнкү эл агартуунун оор абалын түшүнгөн педагогторду, кайдигер эмес инсандарды, «натыйжасы ондогон жылдардан кийин билинүүчү» агартуу системасынын реформасына жогорку баа берген, ага инвестициялардын зарылдыгын баамдаган атуулдарыбызды бириктирет.
ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.
Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.
Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.
Ноокат районундагы Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу мектеп-лицей ушул типтеги мектептердин эң алгачкысы. 1993-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарышкан. 18 улан жана кыз. Алардын баары, бири калбай, өз күчү менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтүшүп, бүтүшкөн. Айрымдары бир эле кезде 2—3 институт, университеттерге өтүшүп, эң ылайыктуусун тандап терең билим алышууда. Райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадаларга катышканда да дайыма жеңүүчүлөрден болушат. Математикадан болобу, физикаданбы, географияданбы, англис тилиненби – айтор, бардык предметтерден күчтүү болуп чыгышат. Өткөн экинчи выпуск бут баары жылдагы бүтүрүүчүлөр да республикабыздын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.
Англис тилинде лицеисттердин басымдуу көпчүлүгү – 8-класстан тартып 11 класска чейин – кадимкидей эркин сүйлөшө алышат, айрым окуучулар бул тилде ыр, аңгеме жазууга да аракеттенишет. Ал эми өз эне тилинде билимкананын бардык балдар-кыздары ыр жазышат. Жазгандарын бири бирине окуп, окуткан эжеке-агайларына, экологияга, дүйнөгө, илимге, ата-энеге арналган берметтей таза, тунук ойлорун, аруу сезимдерин эмитен эле кадимки профессионал акындарыбыздан калышпай чагылдырып бере алышат.
Лицейдин директору Саадат Сатарованын айтканына караганда билимкананын негизги максаты, элине, мекенине мыкты кызмат кыла алган инсандарды жаратуу, азыркы замандын оор, татаал проблемаларын түшүнгөн, аларды чечүүгө жөндөмдүү, өмүр бою далалаттанган, билимдүү атуулдарды тарбиялоо. Бул бийик максатарды көздөп лицейде тереңдетилген программа боюнча математика, физика, англис тили сабактары өткөрүлөт.
1995—жыл. Бишкек. Ноокат Билимкананы колдоочулары: (солдон оңго) китептин автору Замирбек Өсөров, журналист Назаркул Жоошбаев, ишкер Абдисалим Чылымов, агартуучу Омурзак Мамаюсупов, IT-менеджер Нурбек Имакеев, агартуучу Саадат Сатарова.
Биринчи этап
Ноокат билимканасы кантип пайда болду? Мындан 20 жыл мурда, 1975-жылдары, Кыргызстан илимдер Академиясынын мүчө– корреспонденти, математика илимдердин доктору Азрет-Алий Боташев Кыргызстандын университет, институттарын жаныдан бүтүргөн 20 эн мыкты бүтүрүүчүлөрдү (математика жана физика адистиги боюнча) Новосибирск шаарындагы атагы алыс кеткен университетке жана башка СССРдин илим борборлоруна стажировкага, аспирантурага академик М. И. Иманалиевдин колдоосу менен жөнөткөн.
Бул бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарынан болушкан. Алардын арасында Ноокат районундагы Чечме-Сай айлында туулуп-өскөн Өмүрзак Мамаюсупов да бар эле. Баса, анын атасы да, Шеран-ака, адистиги боюнча математик, көп жылдар бою мектепте иштеп, бир катар сонун адисттерди тарбиялап берген. Азыр бул киши пенсияда, айылдын эн-бир урматтуу, кадыр-барктуу аксакалдарынын бири.
«Силердин эң биринчи максатыңар – деп Азрет-Алий Боташев өзүнүн окуучуларын, шакирттерин алыскы сапарга узатып катуу эскерткени алигүнчө Өмүрзактын эсинде, – ошол илимий борборлордун астындагы талантуу балдар үчүн уюштурулган физика-математикалык мектептин окутуу системасын бардык жагынан терең изилдеп келгиле. Мына ушул нерсеге биринчи кезекте көңүл бургула. Кийин аспирантуураны бүтүрүп, өз жерлериңерге кандидат, доктор болуп кайтканыңарда, дал ошол Новосибирсктеги калыптанган, бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо системасын ушуерде, өзүңөрдүн мекениңерде, Кыргызстанда кеңири түзүп берүүгө жарай турган болгула» – деген илимпоз-аксакал.
Азыр ошол жаштардын бүт бары физика-математика илимдердин кандидаттары болуп, кээ бирилер докторлукка да жетишип республикабыздын институт, университеттеринде ийгиликтүү иштен жатышат.
Алардын арасынан Өмүрзак Мамаюсупов алгачкылардан болуп Новосибирскте терең изилдеп, үйрөнгөнүн өз жергесинде ишке ашыра баштады. Айтмакчы, бул багытта Новосибирскке баргандан мурда да Өмурзактын айрым тажрыйбалары болгон эле. 1974-жылы ал өзүнүн бир тууган иниси Маккамбай экөөлөп (Маккамбай дагы физика– математика илимдердин кандидаты, азыркы убакта Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.
Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.
Чындыгында максат абдан оор, түйшүктүү эле, аны иш жузуне ашыруу үчүн көп күч, энергия сарпталышы керек болучу. А бирок мындай энергия бул бир туугандарда жана Чечме-Сай айылынын тургундарында бар болгон экен.
Баса, бул системаны курушабыз деп, буларга чейин бир нече кыйын педагогдорубуз бар болгон, бүт өмүрүн ошого арнап, өз үй-бүлөсүнө, балдарына колу жетпей дүйнөдөн кайгылуу өтүшкөндөр да жок эмес. Алардын арасында Сокулук районунда иштеген педагог Жунусов Турсунду (өзү Совет районунан болгон) жана Ала-Букада өмүр бою кызмат өтөгөн (өзү Сузакта туулган) Пазылбек Жуманазаровду өзгөчө айтып кетүүгө туура келет. Экөө тең республикабыздын мыкты педогогдорунан болушуп, элет жерде физмат мектепти уюштурабыз деп, бул оор ишке чексиз берилгендигинен эрте кетишпедиби – бири рак оорусунан запкы жеп, бири трибунада депутаттардын алдында доклад окуп жатканда, кыргыз мектебинини учурдагы оор абалы туралуу, жүрөгү жарылып. Бул эки агайды тең Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзүнүн өмүрлүк парзындай көрөт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көңүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок? Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет, системдүү мамиле десек, жаңылышпайбыз.
Бул эки агайды тен Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзунун өмурлук парзындай көрет окшойт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге, мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көнүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок. Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет десек, жаңылышпайбыз.
Мындай аракетке элеттик балдар да, аларды тарбиялап өстүрүп жаткан мугалимдер да өзгөчө муктаж экенин биздин тоолуу өлкөбүздө жашагандарыбыздын арасында кабарсыз адам болбогон чыгар – баардыгы эле билген элет жеринини турмушу абыдан оор деп, а бирок куру сөздөн конкреттүү ишке, ошол элеттик адамга, мектепке жардам берели дегендерин арасынан биринчи иретте ЭЖИАДтын демилгесин, анын ишинин найтыжасын тарых өзү көрсөтөт деп мен ишенемин.
Өмүрзак Мамаюсупов:
– Кыргыз элинин 80 пайызы айыл жерде жашайт. Ошондо да алардын арасынан басымдуу көпчүлүгү алыскы тоолуу аймактарды мекендешет. Демек, ошол элет жерге, алыскы тоолуу аймактарга негизги басым жасабасак, кыргыз элибиздин улут катары калыптаныша да, маданиятыбыздын өнүгүүсү да абдан оор, онтойсуз абалда калышы айдан ачык. Мунусуз эч кандай реформалар биздин жерибизде ишке ашпайт. Эртенки күнүбүз, келечегибиз алыскы тоолуу аймактарда түптөлүп жатат. Ошол айыл-кыштактарда тарбияланып өскөн балдарыбыз эртең кандай болушса, кайсы жакка бурулушса биздин турмушубуз да ошондой болот, ошояка бурулат. Демек, периферияга, провинцияга көңүлүбүздү өзгөчө бөлмөйүн, эмгегибиздин негизги векторун ошол жактагы проблемаларды чечүүгө багыттамайын, жалпы абалыбыздын онолушу да күмөн. Муну биринчи кезекте эске тутуп жүрүшүбүз абзел. Биздин өлкөбүздүн спецификасы да, өзгөчө кыйынчылыктары да ушунда. Кыргыз элинин маданияты да, агартуу системасы да гүлдөгөн болсо ошол элет жерден гүлдөй баштайт. Башкача болуу мүмкүн эмес.
Баса, Каныбек Матисаевди адистештирилген класстын окутуучусунун деңгээлине жеткирүү үчүн Өмүрзак аны менен биргелешип бир катар жылдары иштеген, нечен жолу борборго математика институна атайын курстарга чакырып, ал турсун Новосибирскке да стажировкага жөнөткөн. Муну айткан себебим, лицейде иштей ала турган мугалимдер да атайын өзүнчө даярдоо окуудан, переквалификациядан өтүшү ыктымал. Ансыз лицей лицей боло албайт. Келечектин мектеби сөссүз түрдө окуучуну да, окутуучуну да тынбай окутууга, билим деңгээлинин жогорулатууга мажбур кылат. Бул өзгөчө биздин элеттик мугалимдерибиз үчүн маанилүү иш. Алар менен тынбай, системдүү түрде иш алпармайын, шаардын мугалимдеринин деңгээлине эч убакта алардын билгенин көтөрө албайбыз да. Ал эми лицейде иштейм деген мугалимдер шаардык мугалимдерден да күчтүү болууга тийиш. Антпесек, лицейдин ачуунун кажети барбы?
Акыры жыйынтыгы жаман болбоду. 1984-жылы адистештирилген класстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү (80 пайызы) жогорку окуу жайларына өтүшүп окуп калышты. Алардын арасында бүгүнкү Ноокат билимканасында иштеген жаш физика предметинин мугалими, 1991-жылы Оштогу пединститутту кызыл диплому менен бүтүргөн Тургунбай Жунусов да бар болгон. Дал ошол адистештирилген класста иштеп, көп тажрыйбаны математик Мукушалы Мамарасулов да ала алган, азыркы мезгилде Ноокат билимканасынын негизги адисттеринин бири болуп жетилип
Ушинтип, кадам артынан кадам, кудум ийне менен кудук казгандай алыскы элет жерде так илимдерге шыгы, жөндөмү бар балдардын өзүнчө окуу системасынын пайдубалы негиздене баштаган.
Чечме-Сай айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу лицей тибиндеги өзүнчө мектеп 1989-жылы ачылды. Бул лицейди ачууда алгачкы демөөрчүлөрдөн жана спонсорлордон айылдын атактуу адамы, бүткүл өлкөбүзгө таанымал улакчы Аманбаев Жумабай палван болуп берди. Азыркы мезгилде бул киши Чечме-Сай колхозунун башкармасы болуп, лицейге болгон жардамын улантууда, мыкты окуган балдарга өзүнүн атындагы стипендияны ыйгарып, картошка менен лицейдин ашканасын камсыз кылып, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү максатында 3 гектар суулу жерди бөлуп берип, техника тарабынан тейлеп. Бул кишиден тышкары башка спонсорлор да бар болгон, негизи бул идеяны жергиликтүү калк да, райондук элге билим берүүнүн жетекчиси да (Абдрахманов Калмамат), райондук кеңештин терагасы да (ал кезде бул кызматта Абдураимов Эшболот иштеген) жылуу кабыл алганы иштин ийгиликтүү уланышына жакшы шарт түзүп берди десе ашыкча болбойт. Кандай нерсени баштаба, бардыгы ушул маселеге такалат эмеспи. Айлана-чөйрө бардыгын акыры чечет, мыкты идеяны колдосо колдойт, эгерде жалпы коллективдик акыл-эси ошого татыктуу болсо, ал эми түшүнүгү тар, карангы чөйрө эң сонун башталыштын да үзүрүн көрө албайт, эң мыкты баласынын кендирин кесип, шагын сындырат эмеспи.
18 чымыны бар баланы район боюнча катуу сынактан өткөрүп, тандап лицейдин алгачкы сегизинчи классы түзүлгөн эле ошондо. Бул балдар үчүн Чечме-Сай айылындагы Кара-Таш орто мектептин бир корпусун толук бөлүп беришет. Үч маал жылуу, сапаттуу тамак менен окуучуларды камсыз кылып, ошол эле корпустун ичиндеги жатаканаларга жайлаштырып, айыл жердеги чарбалык иштерден бул балдарды толук бошотушат.
Ошол окуу жылында эле райондук олимпиадага Ноокат билимканасынын балдары катышып бардык предметтер боюнча биринчи орунду ээлеп келишкен.
Ошол күндөн тартып бүгүнгө чейин лицеисттер райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларында дайыма женүүчүлөрдөн болуп жатышат. Жыл сайын 18 бала катуу сыноо, конкурстан өтүп Ноокат билимканасына кабыл алынат. Бүгүнкү күндө ошентип окуучулардын жалпы саны 82-ге жетти. Алардын жарымы жергиликтүү балдар-кыздар, калганы Ноокат районунун башка айылдарынан терилип келишкен. Акыркы жылдары башка райондордон да, ал турсун Кызыл-Кыя, Ош, Бишкек шаарлардан да келип бул лицейде терең билим алып жаткандар пайда болууда. Алардын арасында мурда орус мектептеринде окуган балдар-кыздар да бар. Лицеистердин мындай район, область ал турсун (соңку мезгилде) республика боюнча «курамалыгы», ар-ар жерлерде өзүнчө тарбияланып, тили, психологиясы, өңү-түсү менен айырмаланып бирге ынтымак жашаганы да эң мыкты кошумча тарбиялык жагдайды түзүп жаткандай сыяктанат.
Правообладателям!
Данное произведение размещено по согласованию с ООО "ЛитРес" (20% исходного текста). Если размещение книги нарушает чьи-либо права, то сообщите об этом.Читателям!
Оплатили, но не знаете что делать дальше?