Текст книги "Кетменчиден элчиликке чейин"
Автор книги: Улукбек Чиналиев
Жанр: Биографии и Мемуары, Публицистика
Возрастные ограничения: +18
сообщить о неприемлемом содержимом
Текущая страница: 1 (всего у книги 8 страниц) [доступный отрывок для чтения: 2 страниц]
Улукбек Чиналиев
Кетменчиден элчиликке чейин
© Чиналиев У. 2018
Алгы сөз
Өрнөктүү элдерде жазуучулар тургай, саясатчылар болсун, элчилер же артисттер болсун, аларда кат түрүндө, күндөлүк түрүндө – көп мурастарды тарых бетине калтырып кеткени арбын кезигерин көрүп, аттиң дейсиң. Арийне, илим, билим, тарых, саясат, адабият же искусствону изилдөөчүлөр үчүн кийин-кийин биз сөз кылып жаткан каттар, эскерүүлөр, мемуарлар сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылтып берер баалуу документ болуп берерин таназар албай келебиз.
Ал эми колуңуздардагы бул китеп ошол келемтени толуктабаса да, бирок башкаларыбызга эскерүү же мемуар жаза жүрүүнүн маани-маңызын туюнта турган эмгек болгонуна көңүлүбүз курсант. Китепте албетте, жеке бир үйбүлөнүн тагдыры туурасында гана кеп болбостон, "бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркыраган" өңдүү; жалпы улутту кыйгап өтпөгөн большевиктик бийликтин өкүмзордугу жана репрессия жылдарындагы адилетсиздиктин жел аргысы келечек муунга да кабар берер эскерүүлөр тарых таразасына салынат.
Өткөн доордогу коллективдештирүү жараяны күрдөөлдүү уланган мезгилдеги калкыбыздын башына түшкөн жапа жабыр кыйынчылыктар китептин автору Улукбек Чиналиевдин эскерүүсү аркылуу ата-энеси башынан кечиргени эң оор мезгилдер баяндалат. Ошондой эле чоң атасынын эскерүүсүндөгү орус оторчулугундагы Кыргызстандын Орусияга кошулуу доору кыскача камтылат жана атасы Чыналиев Кожомжардын репрессияланып кеткен жылдарындагы үйбүлөлүк кыйынчылыктар баяндалып, китептин автору өзүнүн киндик каны тамып, кири чайкалган түштүк жергесинде-ги балалык күндөрүндөгү чийедей кезинен тартып пахта терим мээнетине аралашып, колунан кетмен түшпөгөн кези сөз кылынат.
Китепке кирген эң кызыктуу жагдайлардын бири – Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч каты келтирилет. Катта: «Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына таазим кылуума күбө өтүү менен суранам, – деп башталат кат: – Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүп-конуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм баш-карга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.
Кат чындык экенин ырастоо менен оберквартирмейстер полковник Бабков».
Кат соңунда автор минтип белгилейт: "Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты".
Сөзүбүздүн башында каттар, эскерүүлөр, мемуарлар өз кезеги келгенде сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылдырган баалуу документ болуп берерин баса белгилегенибиздин себеби: кыргыз коомунда жазуу өнөрүн өздөштүргөн мамлекеттик ишмерлерибиз да, саясатчыларыбыз да саналуу. Ал тургай жазуучу, акындар арасында да күндөлүк же эскерүү жазуу жөрөлгөсү калыптанбай келет…
Ал эми Улукбек Чиналиев агабыз өзүнүн дипломатиялык өмүр жолу туурасында баяндап берген бул эмгеги – жеке анын үйбүлөсү же жакындары үчүн гана эмес, жалпы окурмандар арасында да кызыгуу жаратарынан күмөнүбүз жок.
Олжобай Шакир
Кетменчиден элчиликке чейин
Жалал-Абадда болгонумда көзгө тааныш жерлерди эсимде калганы боюнча мурдагы калыбына салам. Алар эскерүүлөрүм менен тыгыз байланыштуу.
Ошол көчөлөрдү, булуң-буйткаларды, сейил бактарды аралап жүрүп, жандай өтүп бараткандарга, ата-энем менен чогуу жашаган үйүмдүн каршысындагы кошуналарыма көз салам, бирок эч кимди тааныбайм, ошол өткөн күндөрдөн эч кимди таппайм. Өткөн мезгил дайыма азыркыбыз менен байланыштуу. Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн болбойт жана жөн эле биротоло жок болуп кетпейт. Жарым кылымдан кийин өзүмдүн короомо кирип, балалыгымдан кичинекей ка-бар болуп тапчанда отурган аксакалды көрдүм. Шаар бул дүйнөдөн бөлүнүп, жакыр, кайгылуу болуп калган жылдарды эскерип отурдук. Экөөбүз бирдей тааныган адамдарды, туугандарды эскердик.
Ал өзүнүн балдары тууралуу кеп салып берди, бирөө өзү менен турат экен. Мен тууралуу гезиттер аркылуу билерин айтты. Жубайы короону, үйдү, бак-шагын көрсөттү. Мурдагы үйдөн жарым кылымдан ашык мезгил мурун курулган короонун дубалдары гана калыптыр. Кебетеси суук, көрксүздүгү менен кайталангыс, ошентсе да, качанкы өткөн мезгилдерден эстелик катары артыкча эле. Жылдар… тагдыр ар бирибизге белгилүү бир жылдарды белгилейт. Атам тирүү, апам али жаш болгон ошол 60-жылдарга кайрыла ал-сам кана. Небактан бери эле жок нерсени издегеним үчүн, капыстан суук тартып, кусалык басат. Ал адамдар жок – кеткен, жоголгон, таанылгыс болуп өзгөргөн. Бирок бул эң не-гизгиси эмес. Бул көчөлөрдөн мен өзүмдү, жаштыгымды, балалык үмүт-кыялдарымды издейм. Ар бир көчө, ар бир кайрылыш жаштык курактагы сүйүүнү эскерүүдөн жаралган обондой мурдагы ой-санааларды эске салат. Балалылыгым калган жерлерге кусадар болом, жөн гана ал жерде жашагандыктан, жамандыр, жакшыдыр… Дайыма өткөнүң сонун, айтмакчы, келечек да сонун; азыркың гана жүрөк өйкөйт.
Шаар өз алдынча болгон өткөн кылымдын 50-жылдары эске келет. Байыркы мезгилдерде бул жер Улуу Жибек жолунун Бухара, Самаркандга бара турган жүлгөсү болгон.
Шаар дарылыгы бар булактардын жанындагы кыштак катары жаралган. Убакыттын өтүшү менен усталык: карапачылар, кол өнөрчүлөр; устаканалар пайда болгон. Жергиликтүү тургундар жер иштетип, түшүм жыйнашкан, минералдык сууларга келген зыяратчыларды кабыл алышкан. XIX кылымда кыштактын ордуна аз убакыттан кийин шаар аталып, Орусиянын бөлүгү болуп калган Кокон чеби орногон. Мына бүгүн борбор болуп калышы үчүн, XX кылымдын ортосунда четжакасы курулган. Үйүбүздүн терезеси мейкиндикке туташ жайылган колхоздун талаасы жакты карап турар эле. Бул үйдү бир эле убакта обочолонтуп да, кеңейтип да турчу.
Бизди шаар тургундары деп айтыш да кыйын эле. Анткени дээрлик ар бир үй уй, кой, каз-өрдөк ж. б. кармачу. Ар бир кожоюндун тыкан күтүлгөн чарбагы бар эле: сабизге жанаштырып кызылча, капустага жанаштырып картөшкө өстүрүшчү. Менин ата-энем уй, тоок жана башка жандыктарды кармашчу.
Ата-энебиздин айтканын угуп отуруп, биз – балдары, алардын өткөн жашоо-турмушу окуу китептеринде жазыл-гандан такыр эле башка экенин сезчүбүз. Алар башынан өткөргөн окуялардын анык чындыгын жакшы түшүнө алчу эмеспиз. Ар бир адамдын өмүрү – океандын тамчысы. Ал бир эле убакта бөтөнчө да, кадимкидей дагы, бири-бири менен кайчылашып турган өмүр баяндан жана коомдук окуялардан турат. Өтүп кеткен муун менен байланыш – саргайып үй-бүлөлүк альбомдордо сакталып жүргөн эски фотосүрөттөр өңдүү эстелик… Ата тегибиз бизге өз жашоолору тууралуу жазып калтырбаптыр, ошондуктан биз – балдары, неберелери, түпкү тегибизди жакшы билбей калдык, мезгилдердин үзүлгөн байланышын сактабастан, атайылап эле үрп-адаттарды талдайбыз. Мүмкүн адамдардын Тарыхтан сабак алуудагы кыйынчылыгы – «Мындай болуп кетерин ким билиптир?» деген ачуу суроодо жаткандыр?
Колумда сүрөт. Объективди жети адам тигилип тиктеп турат: атам, апам эки кенжеси менен отурушат, улуулары – үч уулу булардын артында турушат. Кийимдери дароо көзгө кадалбай тургандай ак-кара түстө. Сүрөттүн четтери кетикче болуп кесилген, азыр мындайлар жок. Тиги дүйнөгө узап кеткендер бизге тирүү көздөрү менен тиктеп турушат. Атаэнемдин жүздөрүнөн ой токтолгон, жөнөкөйлүктү жана ак ниеттикти көрүүгө болот. Биздин үй-бүлөнүн таржымалын атамдын айтуусунан билем: чоң атабыз Бикеев Чыналы 1855-жылы төрөлгөн, 1855-жылдан 1876-жылга чейинки эки он жылдыкка созулган Кыргызстандын Орусияга кошулуу доорунда жашаган.
Мамамдын алдында кичүү иним Сергей, жанында Олег атам экөөнүн ортосунда. Жогорку катарда солдон оңго: Улукбек, Тариэл, Автандил. Токтогул, 1959-жыл.
Кошулуу узакка эле созулбастан, татаал, карама-каршылыктуу, тынчтык менен да, күчкө салуу менен да, аскерий да болгон. Бул Кокон хандыгы, Цин империясы жана Орусиянын ортосунда жайгашкан Кыргызстандын стратегиялык жактан маанилүү болгон геосаясый абалынан улам болгон. Орусиялык (же империялык) бийлик кыргыздарды Орусия мамлекетинин курамына тынчык менен кийирүү үчүн жакшы эле күч жумшашкан. 1864-жылдын май айында Чүй аймагындагы отряддын башчысы полковник М.Черняев кыргыз манаптарына достук мамиле түзүү сунушу менен кат жөнөткөн. Ошол эле жылдын 24-декабрында кыргыздын саяк уруусу Орусиянын букаралыгын алууга өтүнүч жиберишкен:
Атам Чиналиев Кожомжардын өз колу менен жазылган ата-тегибиздин санжырасы.
«Манаптын саяктарды Орусиянын курамына кабыл алышын сураган өтүнүчү.
Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин өтүнүчү.
Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч.
Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына.
Таазим кылуума күбө өтүү менен суранам: «Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүпконуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм башкарга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.
Кат чындык экенин ырастоо менен обер-квартирмейстер полковник Бабков».
Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты. Кыргыздардын тагдырында кескин өзгөрүүлөр советтик бийлик орнотулгандан кийин болду.
Атам – Чиналиев Кожомжар азыркы Жалал-Абад областынын Токтогул районунун, мурдагы Кетмен-Төбө районунун Мазар-Суу айылында сарттар уруусунун бийи Бикеев Чыналынын он үч баласынын онунчусу болуп төрөлгөн. “Бий” даражасы кыргыздарда укумдан тукумга өткөнгө, сый катары ыйга-рылганга караганда, көбүрөк татыктуу эмгек өтөп ала турган титул. Бул даражага дайындоо же тандоо болгон эмес.
30-жылдары коомдогу агартуу мүнөзүндөгү мамиле класстык мамилеге жол бошотуп берди. Тарыхий процесс-тин жүрүшү ушундай багыт алды.
Ушул жылдары Чыналы репрессияланат. Ал анча чоң эмес жерге ээлик кылып келген. Жерге ээлик кылуу фамилиялык духту туудурган.
Уруулук сезим деген, чынында менменсинүү өңдөнгөн нерсе. Ар бир адам өзүнүн укум-тукумунда кайра жаралуу менен, кандайдыр бир мааниде өлбөстүккө жетүүгө умтулат. Уруу деген так, даана аныкталбаган, абдан эле чампаланып калган нерсе катары кабыл алынат, ар бир адам күнүмдүк жашоодо керт башынын жыргалын жана укумдап-тукумдоо жолун гана ойлонот.
Жүрөккө так салган барак
Атам 7 жашка толгондо ата-энеси тарбиялоо үчүн столыпиндик реформанын тушунда Орусиядан көчүп келген орус мугалимдин үйүнө беришет.
Келгиндер Тарас Шевченконун атынан аталган айылды түптөп, Кетмен-Төбө ойдуңундагы Нарын, Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларынын кошулган жерине жакын жайгашышкан. Төрт жыл окуп, баштапкы билимге ээ болгондон кийин, орус тилинде сүйлөй алган, окуганды, жазганды билген бала, ата-энесинин талабы менен, ошол кезде куттуу Фергана өрөөнүндөгү алдыңкы экономикалык жана маданий борбор болуп турган Намангандагы элдик билим берүү мектебине жөнөтүлөт. Атамдын айтып бергенине караганда, бул беш жыл туугандарыңан жана жакындарыңан алыстагы балалыктын, чымыркана окуп көнүгүүлөрдүн жылы болгон.
Окуучулар араб тилин, Куранды жана аны талдоону, исламдын баштапкы жоболорун жана алгебра окушкан. Араб жазуусун, адамдын психологиясын, анатомиясын өздөштүрүүгө жана эмгек тарбиясына өзгөчө көңүл бурулган. Мусулман интеллигенциясынын түптөлүшү XX кылымдын башында катуу тартиптин, улууларды ардактап, урмат көрсөтүүнүн жана дене эмгегинин шартында жүргөн. Мунун баары өзүн көп убакыт даярдап, беш маал намаз менен айкалышып, адамдын эрктүүлүгүн, өзүн тартипке көндүрүп, жоопкерчилик сезимин тарбиялоонун үлгүсү болгон.
Ал кезде медреседе чыбык менен тарбиялоо колдонулчу. Молдо узун сызгычы менен шалаакы, тынчы жок балдарды жазалап турган. Тестиер кезинде катаал ыкмалар көкөйүнө тийип калган атам өз балдарын эркелетип, мээрим, сүйүү менен тарбиялады. Он беш жашында айылган келгенинде айылдаштары жаңы гана мугалим болгон аны урматтап, Кожош Молдо дешчү экен. Советтик бийликтин бекемдеши менен диний ишмерлерге кысым күч алган. Алар артынан түшүп куугунтуктоолорго дуушар болушкан.
Атам Фрунзедеги 1928-жылы эл агартуу институтунун базасында түзүлгөн педагогикалык техникумда окуусун уланткан. Анын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев, Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев жана Алыкул Осмонов болгон. Булардын баарынын республиканын маданиятындагы ролу зор мааниге ээ.
Техникумда Татарстандан келген мугалимдер аз эмес эле. Кожомжар ата профессор Абзалов тууралуу өмүрүнүн акырына чейин көп эскерип жүрдү. Ал Орусия мамлекетинин тарыхын терең билген абдан кызыктуу лектор болгон экен. Окуунун башында эле студент Чиналиев кетментөбөлүк экенин билип, Абзалов алдын ала мындай деп айткан экен: Нарын, Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларынын кошулушуна плотина, гидростанция курулуп, түшүмдүү өрөөндү бүт бойдон суу каптай турган мезгил келет.
Улуу агам Автандил биринчи жолу бул тууралуу атамдан 14 жашында, 1956-жылы, Токтогул ГЭСинун курулушу баш-тала электе уккандыгын эстечү. Кыргыз, орус, араб, өзбек тилин билгендиги, ак көңүл, тазапейилдиги менен атам Токтогулда болобу, Жалал-Абадда же Сузакта болобу, аны менен бир убакта жашап, бирге иштеген баарынын сыйурматына татычу. Меккеден араб тилинде кат алган жергиликтүү тургундар которуп берип, кайра жооп жазып бериши үчүн, айныбай туруп атама кайрылышчу, кол жазмасы да кынтыксыз сулуу болчу. Аны урматтоо менен Кожо аке деп аташканы кокусунан эмес эле.
Атам кайсы бир мезгилде Өзбекстанда окуп, иштеген. Кошуна элдин тилин эле эмес, маданиятын, каада-салтын да жакшы билчү. Өмүр бою аларга сый мамилесин сактап, алардын эмгекчилдигин, жерге болгон мамилесин, улуула-рын урматтап, кичүүлөрүнө ызат көрсөткөнүн сылыктыгын белгилеп айтар эле.
Бир нече тилди билген, бала күнүнөн кыргыз, өзбек, татар педагогдору менен чогуу окуп, тыгыз мамилелешкен адам болгондуктан, ар кандай этникалык топторго, башка ишенимдегилерге ак пейилден урмат менен мамиле кылууну жашынан эле өзүнө сиңире алган. Ушул себептен бол-со керек, жубайы кайтыш болгондон кийин, экинчи ирет орус кызы Мария Дятловага үйлөнгөн.
Мария Дятлованын чоң атасы Василий Иоаникович Москвада боёчу мануфактурага (өндүрүштүн бир түрү) ээлик кылчу. Бул тууралуу Москва шаарынын тургундарын 1905-жылга карата каттоого алуу китеби күбөлөндүрөт. Өзүнүн менчик үйү болгон. Уулдарынын бири, апамдын болочоктогу атасы 1904-1905-жылдардагы орус-япон согушуна катышкан, Порт-Артурду коргогон. Анын ысмы Ардак Китебине киргизилген. Согуштан кийин ал Москва жандармериясында (аскердик түзүлүш) кызмат кылган. 1913-жылга карата жазуулар китебинде мещан аймагындагы 3-полициялык чектин кызматкери Дятлов Никита Васильевич бир нече жолу акчалай сыйлык менен сыйлангандыгы тууралуу белгиленген.
Октябрь революциясынан кийин большевиктерден изин суутуу үчүн, Орусиянын кең мейкинине жигин билдирбей кеткен. Анастасия Ивановна менен Пенза губерниясындагы Керинск районунун Котел айылына отурукташып, 1922-жылдын февралында кыздуу болушат. Кызына чокунтуу жөрөлгөсү учурунда Мария деген ысым ыйгарышкан. Ал кезде алардын үч уулу болгон: Петр, Николай жана Михаил.
Күйөөсүнүн өмүрү үчүн кооптонуп, Анастасия Никита падышанын сыйлыктары менен, жандарм кийими менен түшкөн сүрөттөрүн бүт жок кылган. Үй-бүлө башчысы да жакын-дарынын өмүрү үчүн сактанып, терезесинен айылды уезддик борбор менен туташтырып турган жол жакшы көрүнгүдөй үй тандап алган. Камакка алуу үчүн кайсы убак болбосун келип калышарына ар качан даяр болуп, жолго байкоо салып турчу. Кичине эле шектүү бир нерсе көрүнсө, үйдүн арты менен чыгып кетчү. Колхоздор уюштурула баштаган кезде Дятловдун үй-бүлөсүн кабыл алышпай, алар өздөрүнчө калды. Мариянын агалары күжүрмөн, эмгекчил, башкага жемин жедирбеген кайраттуу жигиттер болуп чоңоюшту.
Ошол жылдарда жаштардын кеңири тараган эрмеги айыл-айыл болуп жаатташып мушташуу эле. Чымыр денелүү, абдан күчтүү Петрден көбү коркушчу. Эмгекте да бир туугандар алдына киши чыгарышчу эмес. Ошондуктан ынтымактуу, бекем үй-бүлөнүн оокаты башкалардыкынан тың болуп, бар-дар чарбачылыгы үчүн айылдаштары аларды Купцевдер деп атап коюшкан. Ушундай ат менен алар бүтүндөй аймакка таанымал болушкан. Анан да, айыл боюнча жалгыз гана алардын үйүндө Москвадан алып келинген “Зингер” тигүү машинкасы бар эле. Аны көздүн карегиндей сакташчу. Тинтүү учурларында ар кайсы жерге жашырышып, атургай көлмөнүн түбүнө салган учур да болгон. Америкалык «Zinger» компаниясынын өндүрүмү бүт дүйнөгө, анын ичинде Орусияга да белгилүү эле. Подольск механикалык заводу алардын өндүрүмүн революцияга чейин эле оңдошчу. Ал машинка биздин балалыгыбызга чейин сакталган. Кара, лакталган жалтырак тулкусундагы кандайдыр бир мааниге ээ оюларын, берекелүү шөкөттөлүп, металлы чебердик менен иштелген орнаментин кызыгуу менен карачу элек.
Бүткүл орусиялык аткаруу комитетинин (ВЦИК) жана Советтик элдик комитеттин (Совнарком) декрети менен түзүлгөн жакырдык комитетинин өкүлдөрү 1918-жылдын экинчи жарымында аскердик коммунизмдин саясатын ишке ашыруу максатында, колхозго кирбеген жек көрүндү үй-бүлөлөргө байма-бай каттап турушчу. Өлкөдө Сталин түзгөн кулактарды класс катары жок кылуу иш-чарасынын алкагында, кулакка тартуу жүрүп, мүлкүн, буюм-теримин тартып алуу башталган. Бир туугандар Совет бийлигине баш ийбей, алардын күч колдонгонуна айыгышкан каршылык көрсөтүшөт.
Пенза облусунда 20-жылдары дээрлик бардык үйлөр жерди жалпы колдонууну жактоочулар тарабынан жок кылынып, 1930-жылы айыл тургундарынын жапырт качуусу башталган.
Апамдын үй-бүлөсү Котел айылынан чыгып кетишип, агалары дээрлик Улуу Ата мекендик согуштун башталышына чейин жашырынып жүрүшкөн. Бир туугандардын улуусу Петр фин кампаниясын ала жүргөнгө үлгүрдү. Петрден кийинки Николай прибалтикалык фронтто, артиллериялык полкто кызмат кылып, эки жолу жарадар болгон. “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган. Эң кичүүсү Михаил экинчи беларус фронтунда согушуп, ал дагы сыйланган.
Фронттон катуу ооруп келип, карындашы Марияны Жалал-Абаддан тапкан. Анын жардамы менен белгилүү доктор Рейнгольд Бауэрдин диспансеринде 8 ай дарыланган. Дарыгер оорулууга зарыл болгон дарыларды берип, чоң апалар иттин майын алып келишип, бал менен кайнатылган алоэ ичиришип, кылбаганды кылышса да, эч нерсе жардам берген эмес. Көп өтпөй ал көз жумган.
Андан бир нече он жылдык өткөндөн кийин, Кожомжар менен Мариянын балдары эр жетип, жашоо кадимки нукка түшүп калган кезде, беш уулдун кенжеси Сергей апасынын мекенине жөнөйт. Туугандарынын бирөө-жарымдарды, жок дегенде аларды билип, эстегендерди тапсам деген ниети бар эле.
Уулун узатып жатып: “Эсиңен чыгарба, уулум, бизди айылда көбүнчө Купцевдер деп билишчү. 1938-жылы мен кеткенде колхоз башкармасы Шачников деген болчу. Анын Надя деген кызы менин курбум эле”, – деп жолдогон.
Ушундай маалыматтары менен Сергей «Пачелмага» туш келди. Бул Залес фермасы айылына эң жакын жайгашкан темир жол станцисы эле. Бирок качандыр бир айыл турган жерде мурдагы курулуш түтүктөрүнүн тулкулары, качандыр гүлдөп турган бакчалардын ордунда чириген дүмүрлөр, мүрзөлөрдүн үстүндөгү кыйшайып калган айкаштар гана калыптыр. Пенза облусунун аткаруу комитетинин чечими менен, 1988-жылдын май айынан баштап бардык тургундары чыгып кеткендиктен, калктуу конуш катары каттоодон чыгарылган экен.
Сергей апасын жана анын туугандарын тааныган мурдагы айылдаштарды табат. Бирок Надежда Шачникованы кайдан издесе болорун эч ким билбейт экен. Ошол жерден оңдой берди болот: жол тосуп, жолу бир машина менен кайра темир жол бекетине келаткан. Орто жаштардагы аял иштеп жаткан картөшкө талаасынын жанынан өтүп баратышканда, айдоочудан токтотуусун суранат. Аялдын жанына барып:
Мамамдын маңдайыбыздагы кези.
– Надежда Шачникова деген ысым тааныш эмеспи? – деп сурайт.
– Тааныш. Кантип тааныбайын, – деп жооп берген аял
– мен анын небереси болом да.
Надя Ломово деген айылда, ошондой эле аталган райондун борборунда жашайт экен. Михаилди акыркы сапарга так ушул Надя узаткан экен. Мейманды мүрзөгө алып барып, таякесинин жаткан жерин көрсөттү.
Коштошуп атып, уулу апасынын тапшырмасын аткарды, Надяга жетиштүү суммада акча берди. Ал так кесе каршы болду эле, Сергей апасынын оорулуу агасын багып, сөөгүн узатып, тажыясын өткөргөнү үчүн, жердешине ыраазычылыгын билдиргиси келгендигин түшүндүрөт.
Ал мезгилде чоң, бардар үй-бүлөдөн эч ким калган эмес экен.
Кайра кайтуучу убакыт келип, “Пачелма” кичи бекетинде “Пенза-Москва” поездин күтүп отурганда, бир карыя жанына келет. Жолоочунун азиялык жүзү көңүлүн буруптур. Өзү качандыр бир кезде Казакстанда жашаган экен. Ошондон улам бул жаш жигит ошол тараптанбы, билгиси келиптир. Апасынын аты-жөнүн айтып, анын туулуп өскөн жерин көрүп-билгенге келгенин билдирет.
– Негедир эстей албай атам, – деп бүшүркөйт карыя.
– А Купцевдер эсиңиздеби?
– Эсимде болбой анан! Петр экөөбүз фин согушунда чогуу болгонбуз. Башка бир туугандарын да жакшы таанычумун. Өрт жигиттер эле.
Капыстан жолуккан карыя апабыздын ата-энесинин кулакка тартылган трагедиялуу мезгили тууралуу сөз кылып берет.
Кызыгың түшкүр, бир туугандар “эл душманы” саналып, жылдар бою совет бийлигинен жашырынып жүрүшүп, убагы келгенде баатырларча курман болушкан эле да. Ата-энемди жана алардын жакындарын эскерүү ошол шум мезгилге, ошондогу белгисиздикке жоголгондорго кайра да кайрылууга мажбур кылды. Уулум Владимир жана жээндерим Алексей менен Рыскулбек аларды жоктон бар кылды. Дайынсыз жоголду делген Николайдын аскердик тагдырын документалдык түрдө калыбына келтириш үчүн, алар чоң күч жумшашты. Балдарыбыздын өжөрлүк менен жүргүзгөн эмгегинин натыйжасында алардын бабасы Бикеев Чыналынын тагдырынын азыноолак саптары да ордуна келди. Ал 1930-жылы камакка алынып, кийин кайра акталган.
Ата-энебиз бири-бирин кадырлап, ынтымакта кырк алты жыл жашашты. Беш уул өстүрүштү. Баарыбызга эң сонун билим беришти. Адамдын капиталы – канжыгасындагы били-ми деген бекем ынанымды атабыз өз атасынан мурастап алган экен. Балдардын билимине каражат жумшоодо тийиштүү пайданы да, чыгымды да таразалап, туура иш кылып аткандыгын көргөнү атамдын көздөгөнүнө ишенимдүү ка-дам таштоосуна жардам берчү. Болгондо да жогорку эл ара-лык стандарттагы билимге. Ошондуктан балдарынын кадырбарктуу жана сөзсүз түрдө техникалык жогорку окуу жайлардан билим алышы анын жашоосунун маңызы болгон.
Кыркынчы жылдардын башы. Атам Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун эки колхозунун башкы бухгалтери. Улуу Ата мекендик согуш учурунда башкалардай эле аны да фронтко жиберүүгө чакырышкан. Бирок брон боюнча мурдагы ордуна кайра жиберишкен. Фронтту жана тылды баккан да бирөө керек болгон экен. Бирок айыл чарба артелинде башкы адис болуп көпкө иштетишпеди. Эл душман-дарын таап чыгуу деген долу ээнбаштыктын капшабына атам да кабылган. Агрономдук билими болбосо да, дыйкандардын тажрыйбасынан, адабияттардан күздүк айдоонун артыкчылыктарын билчү экен. Жылуу жана нымдуу күздө колхозчулар сугарылчу айдоонун кеңири тилкесине үрөн сээп коюуга кам урушат. Себилген үрөндөн бекем, жыш өсүмдөр чыга келет. Алгачкы кар жааган кезде, жашыл өсүм 10–15 см көтөрүлүп калган эле. Кийин айылдыктар алган буудайдын түшүмү коюлган план боюнча фронтко жөнөткөнгө да, колхозчулардын нанына да жеткидей болот.
Бирок же ою жамандардын жеткирген бузук сөздөрүнөнбү, же райондук Ички иштер боюнча элдик комиссариат-тын (НКВД) жетекчилери кабардар болбогондонбу, кышында атамды зыян келтирди деп күнөөлөшөт. Ушул жерден баары үстөккө-босток алмашат. Тиешелүү органдардын сак кызматкерлери атамдын бай-манаптын тукуму экенин, медреседе окугандыгын, молдо кезиндеги агартуу ишмердигин, атасы Бикеев Чыналынын репрессияланганын – баарын эс-тешет.
Тергөө изоляторунда отурганын эстегиси келчү эмес, анткен менен ал тууралуу унута да алган жок. Ойдогудай көрсөтмө алыш үчүн мыкаачылык менен кыйноолор болгон. Бутка абыдан катуу урушкандыктан, тактары өмүр бою кеткен жок. Карцердеги өтө чебер мыкаачылык менен ойлоп табылган кыйноо мындай болгон эле: атама уйку беришпей, башына суу тамчылатып коюшкан. Адатта мындай кыйноонун 3 суткасынан кийин тергөөдөгүлөр кандай болбосун документке кол коюуга даяр болушкан. Өкүм, адатта, эң жогорку жаза болорун баары билишкен. Атам мындай кыйноого бир апта чыдап, зыян келтиргем деп кол койгон эмес.
Орус тилин мыкты билип, сабаттуу болгондуктан, өзүнө жана башкаларга карата мыйзам одоно бузулуп, кыйноолор болгондугу тууралуу Бүткүл союздук профессионалдар союзунун борбордук кеңешинин (ВЦСПС) төрагасы Н.М.Шверникке арызданган. Арыз ээсине жетип, анын көрсөтмөсү менен комиссия түзүлүп, жыйынтыгында көптөгөн адамдар бошотулган. Көп жылдардан кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп турганымда Жалал-Абад облусуна келип, губернатордун биринчи орун басары менен жолугуштум. Ал мага атамдын арты менен атасынын тирүү калганын айтып берди.
Тергөөдөн бошонгондон кийин облус борборунан алысыраак, Жаңы-Жол районуна кетүүгө туура келген. Анткен менен, ал жактан деле бай-манаптын тукуму деген ат калган жок. Дайыма бардык жерде эле ылайыктуу жумуш табылышы кыйын болду. Болуп аткан сандыракка, бийликтин ээнбаш өзүм билемдигине, өз тагдырын алдын ала болжоп болбостугуна, ага таасир этүүнүн мүмкүн эместигине атам өз көз карашы менен мамиле кылды. Ата-эненин өмүрүндөгү ошол таалайсыз мезгил тууралуу эр жеткен уулдары көп мезгил өткөндөн кийин апасынын үзүп-кесил айткандарынан билишти.
Элүүнчү жылдары ата-энем төрт балалуу болуп калышкан. Атам Жалал-Абаддан орун-очок алууну чечет. Албетте, бул чоң үй-бүлөнүн өздөрүнүн үйү жок эле. Ижарага үй алып жашоого туура келет. Төрт балалуу үй-бүлөнү кийире тургандар деле оңой менен чыга койбостугу, айтпаса да түшүнүктүү го. Эптеп башпаана кылганга болор жай тапкыча, алар абыдан кыйналышат. Өмүр бою көчүп-конуп жүргөн болбойт, өзүбүзгө үй курушубуз керек деп чечет үй-бүлө башчысы.
1950-жылдын жайында Жалал-Абаддын түндүк жагынан орун алган 5 сотик жер чегине ээ болушат. Кошуналары элге бир топ эмгеги сиңген, абдан кызыктуу адамдар болуп чыгат. Бир тарабынан Советтер Союзунун баатыры, учкучштурман Евдоким Мазков, экинчи тарабынан Львов көркөм академиясынын бүтүрүүчүсү, сүрөтчү, скульптор Василий Владимиров, үчүнчү жагынан шаардын архитектору Щербинин кошунасы болуп калды. Атам баары менен тез эле достошуп кетти. Азыраак бошой калганында алар менен чер жазыша маек курчу.
Айтмакчы, Щербинин чоң үй-бүлө үчүн үйдүн ылайыктуу проектин иштеп чыкканга, аймактын геологиялык шар-тын эске алуу менен, боло турган курулушту жер тилкесине ылайыктаганга жардам берди. Башында жер тилкеси Киров көчөсүнө эсептелчү. Ал убакта кошуналар короо-жай тургузуп алышкан эле. Жайдын кечтеринде үйлөрдүн бирине чогулуп алышып, бейкапар маек курушчу. Жашоо-турмуш оңолуп, көп үй курула баштаган. Жаңы конушту бойлото, панфиловчу, Советтер Союзунун баатыры Шопоковдун ысмынан көчө пайда болду. Биздин үйдү ошол жаңы жаралган көчөгө катташты. Жергиликтүү, аз кубаттуу заводдон чыгарылган кыш мамлекеттин өндүрүштүк, социалдык объекттерине да жетчү эмес. Анын үстүнө бышкан кыштан үй куруу өтө кымбатка турар эле. Көптөрдүн, анын ичинде биздин да ага чамабыз келмек эмес.
Чакан үй-бүлөлүк артель жалданып, жалдоочулар турган жеринде 3–4 бөлүктөн калыпка салып, ылай менен саман-дан чийки кыш куюшчу. Түштүктүн ысык абасына тоборсуган бул кыштар негизги курулуш материалы болуп саналчу. Самандан курулган үй кышкысын жылуулукту кармап, жайкы аптапта салкын болгону менен айырмаланат.
Суук түшкүчө үйдүн дубалдарын тургузуп, чатырын жапканга жетиштик. Мамлекеттен алынган пайызсыз ссуданын баары кетти. Кыш киргенде биз терезе-эшиктери, тактайы жок үйүбүзгө кирдик. Шашып-ушуп бир бөлмөнү жасай сал-дык. Эшик-терезелерди толь жана таарлар менен бүтөп, кичинекей темир меш койдук. Ошол мезгилде түштүктө кыш суук, кар калың болду. Ачкачылык убагы, азык-түлүк жетишсиз, акча андан бетер аз эле. Бир бөлкө нан алуу үчүн түнгө чейин кезекке турушчу. Ар бир эл жашаган аймак белгилүү бир соода түйүнүнө караштуу болчу, биз Совет көчөсүндө жайгашкан 10-дүкөндөн алчубуз. Апам күн сайын таңкы саат 3–4 болгондо эмчектеги баласы Олег менен кезекке турганга жөнөчү. Бөбөк да кезекте турган адам катары саналчу. Анткени катуу тартипте бир кишиге бир гана бөлкө берилчү.
Күтүп турушчу, саат 8де атка чегилген нан жүктөлгөн күркө келчү. Көпчүлүк кыймылга келип, бака-шака түшүп тыгылышканда бала ойгонуп, ыйлай баштачу.
Биздин үйдө үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү катары Шура апа жашачу. Согуштан кийинки кыйын кезеңде атаэнем аны үйгө кийирип алышкан. Түбү Запорожьядан бол-гон Кызыл Армиянын курман болгон офицеринин жесири Александра Дмитриевна Зинко ошол бойдон турмушка чыккан жок, бизге өз адамдай болуп калды. Ал бизди өз балдарындай жакшы көрчү. Ооруканада санитарка болуп иштеген ал түнкү нөөмөткө көп кетчү. Апам жок кезде биз кароосуз калып, ойгонорубуз менен жарым жылаңач короого чыгып алып, жылаңаяк карда жүгүрүп жүрчүбүз. Көк муштум болуп тоңгондо үйгө кирчүбүз да, апамдын нан алып келишин зарыгып күтүп отурчубуз. Жаңы бышкан бөлкө алып келип, от жагып чай кайнатчу да, балдары менен эртең мененки жупуну тамакка отурчу.
Ансыз да жетпеген акчаны болушунча үнөмдөчүбүз. Үй куруу – көп чыгашалуу иш, көп каражат керек болгонуна байланыштуу өтө жай жүрүп, көп жылдарга созулду. Өз үйүндө биринчи кышты кыйынчылык менен өткөргөн ата-энем жаз келгенде үйдүн жанына короо жай эптештирип, тоок, өрдөк, кийинчерээк уй да бага башташты. Тамак-ашыбыз кеңейип, түрлөнө түштү. Уулдарына спорт шаймандарын алып берүүгө ата-энемдин али чамасы келе элек эле. Өзү теңдүүлөрдүн жалтылдаган муз жолдордо коньки тээп зуулдап жүргөнүнө көздөрү акыйып, суктана караган балдарын көрүп, атам кечкисин өзү коньки жасоого киришти. Жыгачтан бычак менен жонуп, конькинин музда жүрчү таманына окшош таман кесип алды. Андан кийин кызара ысытылган мык менен бут кийим бекиткидей көзөнөк жасады. Жыгачтан жасалган кесимдин өлчөмүндөй темир тасманы алды да, аны жыгачка бекитип, ошону менен коньки даяр болду.
Правообладателям!
Данное произведение размещено по согласованию с ООО "ЛитРес" (20% исходного текста). Если размещение книги нарушает чьи-либо права, то сообщите об этом.Читателям!
Оплатили, но не знаете что делать дальше?