Электронная библиотека » Арзымбек Өсөров » » онлайн чтение - страница 2


  • Текст добавлен: 8 мая 2024, 17:01


Автор книги: Арзымбек Өсөров


Жанр: Справочники


Возрастные ограничения: +12

сообщить о неприемлемом содержимом

Текущая страница: 2 (всего у книги 2 страниц)

Шрифт:
- 100% +

Бүгүнкү күндө ал кездеги биринчи келип конуш алган ак койлордун саны 500 минден ашты. Эгерде республикада ар бир колхозго 26 миң баш кой туура келсе, биздин чарбаларга 47 миң баш кой туура келет.

Мал чарбасын асыл тукумдаштырууга, малдар ды тоюттандырууга жана кармоого карата багытталган иштер жогорку продукциялуу асыл тукумдагы малдардын санын кескин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 1977-жылы колхоз-совхоздордогу уян жүндүү койлордун саны 19,6 процентке, жарым уян жүндүү койлордун саны 80,4 процентке жетти.


Райондо Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы иштеп, ал малдардын породалык составын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөт. Малдарды жасалма уруктандыруу методу колхоз-совхоздордо кеңири колдонулат.

Бийик тоолуу жайыттарды эффективдүү пайдалануу менен кой чарбасынын продуктуулугун андан ары жогорулатуу жана Борбордук Тянь-Шандын колхоздорунун, совхоздорунун экономикасын көтөрүү максатында Кыргызстандын мал чарба жана ветеринардык илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станция-ынын адистери менен бирдикте 1938—1966-жылдарда койдун жаъы «Тянь-Шань» жарым уян жундүү эт, жүн багытындагы түрүн табышкан.

Бул кой өзүнүн тез өсүп жетилүүсү, бийик тоолуу климатка жана жайыттагы тоютка ыңгайлашкан эт-жүн берүү багытындагы кой болуп эсептелет. Жергиликтүү куйруктуу

койлор Новокавказье меринос жана Вюргенберский, ал эми кийинчерээк Линкольнами тибиндеги кочкорлор менен аргындаштырылып алынган. Кочкорлордун салмагы 100—110 килограммды түзүп, тубар койлор 60—70 килограммга жетет. Жайытта багылган соъ союлгандан кийинки салмагы («убойный выход») 54—60 процентти түзөт. Бул койлор жалтылдаган ак жүнү, бышыктыгы жана чыъдыгы менен айырмаланат. Аларды жыл бою жайытта кармоого ылайык келгендиктен, айрыкча тоолуу шарттарда өтө жакшы өсөт.

«Тянь-Шань» жарым уяң жүндүү эт жана жүн багытындагы койлордун породасын чыгаргандыгына байланыштуу анын авторлору Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун илимий кызматкерлери Т. Э. Друженьков, В. С. Друженькова, Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын мурдагы директору К. Жангабылов, чабандар С. Абакиров, К. Жамгырчиев 1974-жылы Кыргызстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Койлордун «Тянь-Шань» породасынын пайда болушу Кыргыз ССРде таптакыр жаны, өтө баалуу эт, жүн берген кроссбреддүү койлордун чыгышын камсыз кылды.

Породалуу мал өстүрүүчү чарба Ленин ордендүү эксперименталдуу Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы Борбордук Тянь-Шань тоолорунун 2500—3000 метр бийиктигинде жайланышкан, анын Кара-Кужур өрөөнүнө караган бети дениз деңгээлинен 3000—4000 метрге бийик туруп, түбөлүк кар катмары менен капталган.

Жогоруда белгиленгендей «Тянь-Шань» тукумундагы койлору, өзүнүн жогорку эттүүлугу жана тоолуу жайыттын карлуу шартында кармоого ылайыкташтырылгандыгы бул тармакты кирешелуу чарбага айландырууга зор өбөлгө түзөт.

Ордендуу Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары ар бир кочкордов 9,7 килограммга чейин жүн кыркып алышкаан Академик А. И. Николаевдин айтуусу боюнча «Тянь– Шань» тукумундагы койлорун кроссбред жуну, дуйнолук эталон болуп эсептелген Жаңы Зелландиялык койлордун жунунөн кем эмес. Ал дүйнөдөгү бийик тоолуу шартка ынгайлашкан эт-жүн багытындагы тукум болу саналат.

Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары мисалы, 1978-жылы Усубалиев Асан, Туюкбаев Тынчтык ар жүз тубар койдон 130—140дан козу алышкан.

«Тянь-Шань» тукумундагы жүн берүүчү койлордун райондо өстүрүлүш– жана Тянь-Шань району үчүн эмес, республиканын бийик тоолуу райондорунун колкоздорунун жолдорунун экономикасын көтөрүүгө кеңири жол ачат.

Коомдук малдарды чыктуу, кесек, концентраттык тоюттар менен толук кылуу проблемасы жылдан-жылга жакшырууда. Кесек топтоо 1978-жылы 1970-жылга салыштырганда 21 процентке өстү, же 61,6 миң тоннадан 90 миң тоннага жеткирилди. Көп жылдык чөтүн түшүмдүүлүгү 38,7 центнерден 55 центнерге жогорулады.


Колкоз, совкоздор малдарды багуу үчүн тийиш туу шарттары бар темир бетондуу кашарларды, типтуу короо сарайларды курушту. Койлор 100 процент электромеханикалык жол менен кыркылып, механикалаштырылган купкадан өткөрүлөт.



Партиянын агрардык саясатынын көрөгөчтүгү жана акылмандуулугу бардык райондордой эле биздин райондун мисалынан да өзгөчө күч менен көрүндү. Партия менен өкмөт айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн орчундуу чараларды көрдү. Жыл сайын жаңы тракторлор, автомашиналар, айыл чарба техникалары, минералдык жер семирткичтер берилүүдө. Электр энергиясын пайдалануу толук чечилди. Мына ушунун бардыгы айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө жана жаратылыштын стихиялык күчтөрүнөн анын көз карандылыгын азайтууга толук шарт тузду.

Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 25 центнерге, коп жылдык чөптөр 55 центнерге жетти. Ар бир уйдан сүт саап алуу 2 миң килограммга, жүн кыркуу ар бир койдон 3 килограммга жетти. 1965-жылдагы март Пленумунан кийинки өткөн 12 жыл ичинде Тянь-Шань районунун эмгекчилери мамлекетке эт, жүн сатууну кескин көбөйттү. Же болбосо 1965-жылы 3226 миң тонна эт, 1387 тонна жүн сатылса, 1977-жылы 8197 тонна эт, 2082 тонна жүн сатылды, же эт 2,5 эсе, жүн 1,5 эсе өстү.

Жүздөгөн алдыңкылар жана бүтүндөй чарбалар чынында эле эң сонун натыйжаларга жетишишти. өстүрүүдө, айыл чарба Айыл чарба өндүрүшүн продуктыларынын даярдоо пландарын орундатуу– да, мелиорациялык жумуштарды жүргүзүүдө же– тишкен ийгиликтери, өндүрүш процесси боюнча натыйжалуу илимий изилдөөлөрдү иштеп чыкканды– гы жана айыл чарба өндүрүшүндө колдонгондугу учун Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы 1967-жылы 25-майда Ленин ордени менен сыйлан– ган. Ал эми «Жаны-Талап» колхозу айыл чарба жана беш жылдык өндүрүшүн өркүндөткөндүгү планда белгиленген мамлекетке мал чарба жана талаачылык продукцияларын сатууну ашыра орундаткандыгы үчүн 1971-жылы 25-январда Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Тянь-Шань району 1974-жылы Кыргызстан Коммунисттик пар– тиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофтун жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын Эстелик Туусун алуу– га татыктуу болду.

Атактуу дыйкандар «Куланак» колхозунан Со– циалисттик Эмгектин Баатыры Абдылдаева Расия, Жданов атындагы колхоздун механизатору Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин кавалери Мамырканов Асанакун, белгилүү данчылар Адөө– лөтөв Ниязбек, Имеров Бейшенбек, Арыкова Жума– бүбү, Мамбетисаева Сайраке, Садыков Абдыкапар лар жерди өздөштүрүү боюнча өз ишинин устатта ры болуп чыгышты.

Мал чарбасын өстүрүүдө Социалисттик Эмгек– тин Баатырлары чабан Исаев Шарше, жылкычы– лар Эликбаев Аалы, Кулумбаев Жусубалы, Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары Жангабылов Намазбек, Абакиров Сабыр, Жамгыр– чиев Качаган, Ленин ордендеринин кавалерлери Акматова Сонунбүбү, Мамбетаитов Жумагул, Курманов Каамыт, Октябрь революциясы орденинин кавалери, «Баатыр эне» Сулайманова Алтындар көп эмгектер сиңиришти. ВЛКСМ Борбордук Ко– митетинин мүчөсү, Карл Маркс атындагы колхоздун чабаны Ишеналиев Жолболду жаштарды тарбиялоодо, кой чарбасын өстүрүүгө жаштарды тар– тууда ченемсиз эмгек жасап жатат.

Ишеналиев Ж. 1972-жылы Жан-Булак орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп чыккандан кийин 75 жашка келип жана оорулуу болуп калган чоң атасы Турдакундан баш чабандыкты өткөрүп алат.

Колхоз түзүлүшүнүн биринчи күнүнөн бери кой багып мал четинде келген Турдакун абышка үчүн койду таштоо бир кыйла кыйын болгондугу ме нен өзүнүн небересинин «оор жүктү колдон алып, чабан боломун, ата кесибин улантамын» оюна ыраазы болуп, ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалап, чабандыкты өткөрүп берген. Алгачкы күндөрү Жолболдуга көбүнчө ишене

албай, кой четинде аны менен бирге болуп, иштин ал-жайын түшүндүрүп жүрдү. Кийинчерээк уулу нун бул кесипти чындап каалагандыгына көзү же тип, анын дилгирлик, берилгендик, тынымсыз аракет менен эмгектенип жаткандыгын көрүп: «эмге гим талаага кетпейт экен, Жолболду өз кесибин сүйгөн, иштерман малчы болот экен» – деп карыя санаасын тынчыткан эле.

Өткөн 6 жылдын ичинде Жолболду эң жөнөкөй жаш малчыдан тажрыйбалуу, районго гана эмес республикадагы эң мыкты чабандар менен ат салышкан азаматтын бири болуп чыкты.

Ушул жылдын ичинде ал өзүнө бекитилген койлордун ар жүз тубарынан жылына орточо 127ден козу, ар башынан 3,620 килограммдан жун кыркып алып турду, же болбосо колхозго 5 миъ козу, 14 тоннага жакын жүн берди. Бул көрсөткүчтөр айтууга арзан болгондугу менен бир кыйла оор жана күжүрмөн эмгек жумшоо аркылуу айрым гана ак ниет адамдар жарата тургандыгы талашсыз.

Азыркы күндө Жолболду чабандык кесипти Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетинин ІІІ курсунда сырттан окуу менен улантып жатат. Ал өзүнүн эң жөнөкөй, элпек жана кичи пейил мүнөзү, ишти терен билгендиги, өндүрүштук жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен райондун коомчулугунун алдында зор кадыр-баркка ээ.

Жолболду партиянын Тянь-Шань райкомунун, эл депутаттарынын райондук Советинин аткаруу комитетинин мүчөсү, ошондой эле комсомолдун Нарын обкомунун бюро мүчөсү. Жолболду ВЛКСМдын ХѴІІІ сңездинин делегаты жана анда ВЛКСМ БКга мүчөлүккө шайланды.

Айрым жолдоштор Жолболдунун коомдук иштеринин көп экендигин айтышат. Бирок аракетчил– диги, демилгеси эң башкысы жогорку аң-сезимдүүлүгү жана эмгекчилдиги аркылуу өндүрүштүк татаал ишти да, коомдук иштерди да жогорку ден гээлде аткарууга жетишип жатат.

Жолболдунун эмгеги өкмөтүбүз тарабынан жогору бааланып Ардак белгиси ордени менен сый– ланган. Ал Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн катышуучусу. Онунчу беш жылдыкты 4 жылда аткаруунун үстүндө иштеп жаткан демилгечилердин бири. Анын бүгүнкү күндөгү үзүрлүү иши эмгек жолун жаңыдан баштаган ондогон улан-кыздарга, районубуздагы бүткүл малчыларга сөзсүз өрнөк боло алат.

Райондогу даңазалуу чабандардын катарына «Куланак» колхозунан Сулайманова Алтынды ко– шууга болот. Алтын «Кыргыз ССРинин мал чар– басына эмгеги сиңген мастер», он бир баланы тар– биялап өстүргөн «Баатыр эне», Эмгек Кызыл Туу жана Октябрь революциясы ордендеринин кавалери. Партиянын Нарын обкомунун, Тянь-Шань райкомунун мүчөсү. Мына ушулардын өзү Алтындын эмгегин даңазалап, анын коомдук жана өндүрүштук иштердеги жүзүн көргөзүп олтурат.

Районубузда Алтындын жолун жолдогон бир канчалаган кыздар өз алдыларынча чабандык кесипке отуп көпчүлүгү үзүрлүү эмгектенип жатышат. Буларга Акматова Бурулду, Омушова Бурулсунду Султанова Светаны, Кытапова Жумагүлдү жана башкаларды кошууга болот.

Социалисттик мал чарбасынын мастери, Эмгек Кызыл Туу ордендүү Куйбышев атындагы колхоздун жылкычысы Бакасов Шоңко он эки жыл бою ар жүз тубар бээден 100ден кулун алуу менен областтын жылкычыларынын ичинде алдынкы орунду бербей келе жатат. Эң алыскы кыштоолордун бири болгон Оорук-Тамда Жданов атындагы колхоздун кой фермасынын башчысы Алсеитов Абышка, Ак-Сай өрөөнүн мекендеген Жданов атындагы колхоздун ферма башчысы Такырбашов Дүйшөнакундар жөнүндө жылуу сөз айтуу кубанычтуу.

Колхоздук өндүрүштүн областтын аймагынан тышкары таанымал жетекчилери: 20 жыл башкармалык постуда келе жаткан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты, «Жаңы-Талап» колхозунун председатели Дайракунов Эсенаалы, областтык Советтин депутаты, «Куланак» колхозунун председатели Калназаров Кайып, ветеринардык илимдердин кандидаты Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын директору Касымбеков Бейшебай, Он-Арча селолук Советинин председатели Суранова Күмүш, Чет-Нура селолук Советинин председатели Бекжанов Бейшенаалы, «Коммунизм» колхозунун председатели Усупбеков Садык, Жданов атындагы колхоздун партиялык комитетинин секретары Мамытов Акимша жана колхоздун башкармасынын председатели Какематов Зайдин колхоздук өндүрүштү жогорулатуунун, массаны мобилизациялоонун таланттуу уюштуруучулары болуп эсептелишет.


Айыл чарбасын көтөрүүдө адистерге зор роль таандык. Ондогон айыл чарба адистер ондуруштун чыныгы уюштуруучулары, иш билги кеңешчилери, оз ишинин билермандары болуп калышты. Алардын катарына инженерлер: Абдыкеримов Токтосун, Мусалиев Кутпидин, зоотехниктер: Шамырканов Абыласан, Айдарканов Керимбек, Мырзабаев Калыбек, ветврачтар: Абдыраимакунов Тургунбек, Куленбеков Кырманчы, Кыдырмаев Канатбек, агрономдор: Жумабаев Сыдыкбай, Азыкбаев Мукаш, Кудашов Жумаалы, экономисттер: Нурмуханбетов Курманбек, Өмүракунов Айнике, Мамбетаитов Турсуналы, Жумагулов Барыктабас жана башка ондогон адистерди кошууга болот.

Онунчу беш жылдыкты 4 жылда орундатуу үчүн күрөшүп жаткан чабандар: Мамыров Чаки, Ибраев Раимкул, Торубаев Сокубаш, Кытапова Жумагүл, Бейшеева Зинагүл, Жаанбаев Чокубай, Усубалиев Асан, саанчылар: Дуйшеев Жапар, Барктабасова Жаңыл, Айткулиева Шарипа, жылкычы: Баймөңкөев Мукаш, бадачылар: Шаменов Торегелди, Маатканов Керимдердин эмгеги мактоо– го татырлык.

Внимание! Это не конец книги.

Если начало книги вам понравилось, то полную версию можно приобрести у нашего партнёра - распространителя легального контента. Поддержите автора!

Страницы книги >> Предыдущая | 1 2
  • 1 Оценок: 1

Правообладателям!

Данное произведение размещено по согласованию с ООО "ЛитРес" (20% исходного текста). Если размещение книги нарушает чьи-либо права, то сообщите об этом.

Читателям!

Оплатили, но не знаете что делать дальше?


Популярные книги за неделю


Рекомендации