Автор книги: Замирбек Өсөров
Жанр: Современная русская литература, Современная проза
Возрастные ограничения: +12
сообщить о неприемлемом содержимом
Текущая страница: 3 (всего у книги 11 страниц) [доступный отрывок для чтения: 3 страниц]
Тарых жана философия сабактарын Абдираим Мамытов жетектейт. Кыргызстандагы белгилүү журналист, бир нече жылдары райондук гезитте, областтык телерадиокомпаниясында иштеп келген. Соңку жылдары «Заман-Кыргызстан» кыргыз-түрк эл-аралык басма органында Ош областы боюнча кабарчы болуп, аты бүткүл өлкөбүзгө кеңири тараган. Тилге, эстетикага, ораторлукка, биздин турмушубуздун новацияларына дилгир, зирек, чыгармачыл типтеги адам, анын сабактары көпчүлүктө турмуш сабактарына айланып, өзүнүн бай фантазиясы, атылган энергиясы, жогорку интеллекти аркылуу балдардын назарын бурат.
Химия жана биология предметтери боюнча лицейдеги сабактарды Ташпу Каразакова жетектейт. Бул эже да өзүнчө кайталангыс инсан, ырды да, жумушту да, тамашаны да ар-түрдүү таланттарга ээ болгон мыкты билген өтө тажрыйбалуу педагог, уюштургуч иштери боюнча да лицейдин директорунун орунбасары.
Айтмакчы, Ноокат билимкананын окуу процессиинин дагы бир өзгөчөлүгү – сабактардын, предметтердин бири-бирине тыгыз байланышкандыгында. Гумманитардык предметтерге, сабак учурунда, так илимдердин маанилүү темалары, заманбап идеялары (математиканын, физиканын, информатиканын) кеңири аралашат, ошондой эле математика менен физика, информатика гумманитардык сабактарга да катышкандай болуп, тил чеберчилигине, речтин тактыгына, ойлордун тартибине, логикалуулугун өрчүтүүгө көмөктөш болот.
Түшүнүктүү болуу үчүн бир эле мисалды келтирейин. 11-класстын окуучусу Талант англис тилинде «My future home» (Менин келечектеги үйүм) деген темага даярданып жатып, компьютерде ошол келечектеги ажайып үй-жайын бир нече бөлмөлөрү, короосу, багы, гаражы, бассейни менен чийип баарын эсептеп, сүрөткө түшүрүп, бул объектилердин майда-чүйдө нерселери чейин чет тилинде абдан кооз аңгеме-дүкөн, келечектин планын түзүп берген болот. Ушинтип, англис тили сабагында информатика, эстетика, архитектуранын, дизайндын, фантастиканын элементтери пайдаланат.
Бардык предметтерди окутууда психологиялык даярданууга өзгөчө көңүл бурулат. Экзаменге киргендин алдында эмне кылуу керек, жоопту айтып берүү эрежелери, эгерде контролдуу сабакты жасай албасаң эмне кылыш керек, эгерде кокус кулаган болсоң экзаменден, кандай бул кризистен чыгуу болот жана башкалар.
Бардык сабактардан экологиялык, жаратылышты коргоо проблемалар кеңири чагылдырылат. Маселен, Тосойдо болгон трагедия ар-түрдү аспектинде лицеисттер аркылуу «изилденип»: «Эмнеге көчкүлөр пайда болот?», «Кандай физикалык процессер мындай апаатка күнөлүү?», «Бул трагедияда адамзаттын кандай күнөсү бар?», «Аны болтурбоого болот беле?» – ушул сыяктуу суроолор жана ага табылган жооптор аркылуу экологиялык трагедия абдан терең, ийне-жибине чейин изилденет.
Кыргызстандагы болуп жаткан бардык чоң окуялар, программалар, долбоорлоор англис, кыргыз, орус тилинде талкууланат. Балдар менен эркин сүйлөшүп калганыңда, ар-кимдин өзүнчө темасы, жүрөгүн өйүткөн мотиви, глобалдуу маселеси бар экенин байкоого болот. Маселен, Акыл Кыргызстандын бүгүңкү күндөгү эң бир орчундуу болгон маселеси катары Бишкек менен Оштун ортосунда темир жолунун курулушун эсептесе, бул проект боюнча атайын рефератты жазып бүтүргөн, кадимки экономикалык-социалдык далилдерди, эсептерди келтирип, даги бир лицейист, Кыял, элеттик аялдардын турмушун кантип жеңилдетсе болот деген ойго азыртадан эле терең чөмүлүп, конкретүү кадамдарды, иш-планын түзүп берген болсо, дагы бирөө туулган айылын, Чечме-Сайдын келечегин ойлоп, Карагой жайыттарын, токойлорунун көркүн, сулуулугун сактоо жөнүндө долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.
Биздин көз алдыбызда ушинтип келечектин мууну калыптанууда десе болот. Эч кандай оор маселеден жалтанбаган, эч нерседен коркпогон, соңку мезгилде калыптанып калган улутубуздун өксүк комлекстеринен – биз кичи элбиз, алыбыз чектелүү, кыргыз тил жана өлкө чабал, акырын жургөн болсок эле жакшы, арабызда тоң мээ, акмактар көп, ошондуктан мурдагыдай эле жашаганыбыз оң, эч нерсеге умтулбай жана башка ушул сыяктуу арам ойлордон таптакыр бош, эркин ойдуу жүгүртүүнү билген 21-кылымдын накта балдар-кыздары десе болот.
Бул балдар бүгүн эле дүйнө-жүзүндөгү эң мыкты мектеп, лицейлердин окуучулары менен атандаша алышар, эртең алар үчүн бүткүл дүйнө өзүнүн мекениндей болуп, каерде болушпасын, баардыгын жеңишип биздин түшүбүзгө кирбеген, көзүбүз көрбөгөн, кулагыбыз укпаган йигиликтерге жетерине, кыргыз элинин даңкын, сыймыгын, туусун ааламдык масштабка көтөрө алаарына биз терең ишенебиз.
Балдар жана Паскы аралындагы балбалдар
Балдар жана бөбөктөр
арабызда быдылдап чуркап жүргөн тынымсыз
энергия жана жашоо менен толгон,
абдан тез кыймылдуу жана активдүү,
бир жерде олтура албайт,
баарын сорттоп, чачып жана талкалап,
бардык көйгөйлөрдү дароо чечип,
ооруган башты сакайтып,
аткарылбаган тилекти ошол замат аткарып,
бул балдар эмес эле шумдуктар!
Алардын ички дүйнөсү жана фантазиясы
канчалык жандуу жана укмуш болгонун элестетиңиз,
алардын кыймыл аракеттин көрүп.
Бул кичинекей жандыктар
чарчоо дегенди таптакыр билишпейт,
же кыймылсыз бир жерде
бир секунд да отурушпайт,
алар албетте
башка дүйнөнүн тургундары,
же алыскы келечектен бизге адашып келгендер,
алар биздин оор жүргөн-басканыбызды,
биздин солгундап, катып калган кыймыл-аракетибизди,
тоңуп калган ой-жүгүтүүлөрүбүздү,
арак менен май баскан мээбизди,
биздин ички жана тышкы дүйнөбүздү
таштан чегерилген эстеликтердей,
ошол Пасхи аралында табылган гигант далдыраган монументтердей,
Кыргызстанда да табылат
орой өңдүү таштан жасалган балбалдар,
мына ошол сыяктуу эстеликтердей,
тарыхтын селейип калган монументтериндей,
Ленин атабыздын колун сунган
ар бир айылдагы эстелигиндей,
кабыл алышат бизди балдарыбыз,
өзүнүнүн абыдан тирүү, жеңил, бай ички дүйнөсүнөн,
көз карашынан карап бизди көрүп
өткөндүн тоңуп калган калдыктары катары.
Баштагандандын жолу азаптуу болот
Биз Ноокат билимканасы бүт бардык проблемаларды ийгиликтүү чечип элдин сый-урматына бөлөнүп беймарал отуруп калдык деген ойдон алыспыз. Кыйынчылыктар, оор адашуулдар, жоготуулар, оркойгон кемчиликтер бул жерде да жок эмес. Лицей эми гана бутуна бекем туруп келе жатат, анын материалдык базасы жагынан ушул сыяктуу чет элдик лицейлерге Ноокат билимканасын салыштырууга болбойт. Алар менен теңелиш үчүн дагы көптөгөн каражаттар, инвестициялар, эмгек жана убакыт сарпталыш керек. Биринчиден лицейдин имараты, окуу корпусу абдан тар, мындай окуу стандартына таптакыр төп келбейт, ылайыкталган эмес. Жатакана да ошол эле кейиштүү абалда. Ар-бир бөлмөдө беш-алты лицеист бирге жашаган болушат, бир тумбочка кээде эки адамга туура келет. Ошондой эле кысылуу шартында лицейдин окуу кабинеттери, лабораториялары, ашканасы жайгашууда. Ушул жагын эске алганда лицейде окугандардын жашоо шарты, образы кадимки «спартандардыкындай» десе болот.
Анын үстүнөн билимканада чын эле байыркы Грециядагы атлеттердикиндей, балдардын билим жаатында бири-бири менен конкуренция, таймашуу, эрегишүү өтө күчтүү болуп кошумча кыйынчылыктарды, интенсивдүү окуунуну азаптарын туудуруп жатпайбы. Лицейде эрте менен саат алтыдабы же түндөсү саат 11—12би кирип калсаң окуу залында кайсы бир китепти «кемирип» окуган же бир нерсени жазып иштеген «олимпиецти» көрөсүң.
Эрте менен сегизден тартып, кечки жети-сегизге чейин окуганы, кошумча сабактарга катышканы, эртеңки күнгө даярданганы аз келгенсип. Лицейде, ачык айтуу керек, илимге, окууга багышталган фанатизм жок эмес. Көпчүлүк балдардын сабакка мындай ашыкча берилип кеткенин лицейдин кемчили катары бааласа болот. Физкультура, дене-тарбия, эс алуу маданияты дегендер биерде унутулуп калгандай сыяктанат. Ошондой эле лицей алыскы тоолуу айылда жайгашкандыктан, анын окуучулары шардык балдарга салыштырганда жалпы маданий кругозору, дүйнө таануусу жагынан бир аз өксүп турганын, мектептен тышкары спорттук, чыгармачылык, өнөрчүлүк секцияларга катыша албаганын байкаса болот. Бул көп жагынан мыйзамченемдүү көрүнүштөр. Айылдын деңгээли өзү биздин өлкөбүздө башынан тартып шаардын деңгээлинен асман менен жердей айырмаланып турган эмеспи.
А бул типтеги лицейлерибиз, урматтуу мекендештер, биринчи кезекте биздин коомубуздун ушул бейнормалсыз карама-каршылыгын, оор дартын жойдуру үчүн ачылып жатпайбы. Келечекте, ошол 21-кылымда шаар менен айылга, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй бир эл болуп цивилизациялуу түрдө жашайлы деген ниетте, биздин бүгүнкү балдарыбыз ошондо дүйнөлүк аренага чыгып, аерде өзүнүн ордун таап, мекенибиздин сыймыгы жана тиреги болсун деген ийги тилекте.
Лицейдин материалдык базасы бара-бара чыңалган сайын, окутуучулардын тажрыйбасы артып, балдардын ата-энелеринин лицейге бар болгон түшүнүгү, мамилеси өзгөрүп, өзүлөрү да тарбияланышып тарбия иштерине активдүү катыша баштаганда, көп бугунку кемчиликтер өзүнөн өзү эле жоголушу бышык. Кантпегенде, системанын жакшы иштеп кетүүсүнө, стабилдүүлүккө жетүү үчүн бир катар жылдар, а балким ондогон жылдар керектир. Ага чейин кыйналып иштегеңден башка айла жоктой туюлат. Алгачкы баштагандын жолу татаал, азаптуу болот эмеспи. А бирок ошого жараша биринчилер элдин тарыхый элесинде, сый-урматында бекем калышат. Кийин Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында балким жүздөгөн эң сонун, эң мыкты лицейлер пайда болоор, ошондо да алардын баары Ноокат билимканасын өзүнүн чоң энесиндей таанып, терең урматташат.
Биз жогоруда лицейде иштеген мугалимдердин орточо айлыгы жөнөкөй орто мектептин мугалимдердин айлыгынан эки-үч эсе артат деп айткан элек.
– А бирок жалпы республикабыздын финансалык абалынын начардыгынан, – дейт Тургунбай Жунусов, – Ноокат билимканасынын окутуучулары убагында айлыкты толук алалбай кыйналышууда. – Менин айлыгым 300 сомдон ашуун, убагында бул суммадагы акчаны алып турганымда, эч кандай материалдык проблемам жок болот эле. Райондогу банкыбыздын нак акчасы жоктугунан, айлыгыбыз убагында тийбей, төрт-беш ай кечигип алабыз. Соңку мезгилде райондун жетекчилери атайын мугалимдердин камкордугун көздөө аракетинде, алар үчүн айлыктын ордуна ошол эле суммадагы талондорду бере баштады. Ал талон аркылуу райондун кээ бир мамлекеттик дүкөндөрүндө негизги азык-тулук товарларды: нанды, кантты, унду жана башканы сатып алсаң болот. Тилекке каршы, бул товарлардын талонго сатып алуу баасы эки эсе кымбат туруп, натыйжада менин алган айлыгым 150 сомго чейин кыскарап жатпайбы.
Өмүрзак Мамаюсупов:
– Айла жок болгондо, кээде өзүңдүн чөнтөгүңөн мугалимдердин айлыгына акча чыгарып бересин. Ишти баштагандан кийин, анын аягына чыгыш керек да. Лицей материалдык жактан биротоло бутуна турганда гана эс-жайыбызды алабыз окшойт.
– Албетте, ушул сыяктуу күнүмдүк проблемаларыбыз арбын, – дейт лицейдин директору Саадат Саттарова. – Аларды чечүү үчүн бүткүл өлкөбүздүн экономикасы оңолушу, реформаланышы ыктымал. Ошого карабай, ушундай кыйын кырдаалда мугалимдерибиздин да, окуучуларыбыздын да лицейдеги абалын, жашоо-шартын жеңилдетиш үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасап атабыз. Баса, балдарыбызга күнүнө үч маал жылуу, сапаттуу тамакты жасап берүү да (лицейдин мугалимдери да эки жолу ашканада тамактанышат) биз үчүн оңойго келбейт. Ат менен райцентрге түшүп нан ташыган, велосипедде базардан жамгыр шатырап жааганда пияз алып келген күндөрүбүз болгон. Өкмөтүбүзгө дайыма карап, өзүбүз камырабай жатканыбызда, балдарыбызды кээ бири күндөрү тамак жагынан кыйнап койбойт белек – техника сынып же, эгерде кайсы бир себептерден бензин түгөнүп продуктулар убагында лицейге жеткирилбей калган болсо. Кудая шүгүр, буга чейин биздин балдарыбыз бир күн да жылуу ашканабызда нан тамаксыз калган жок. Азыр нан жабуучу электроагрегатыбыз, «тандырыбыз» да бар. Аны биздин шефповарыбыз Насиба Усманова жана анын жардамчысы Буниса Матмуратова эң мыкты иштете алышат – нан, боорсок, каттаманы жасап. Тамакты бышырганда да, ар-түрдүү Чечме-Сайдын айланасындагы адырларында өскөн адамга пайдалуу, витаминдерге бай өсүмдүктөрдү кошконду билет. Жазында бир аптада жок дегенде бир жолу адырга чыгып кийик отун, ысмалакты, тоо сарымсагын жана башкаларын терип жыйнап келет.
Айтмакчы, буларга чейин лицейде иштеген ашпозчулар тамакты дайыма бирдей сапаттуу жасай албаганынан, кээ бир ашыкча чыгашааларды, ысырапкордукту кетиргендигинен иштен бошотулган. Күндүгө ашканага лицейдин медсестрасы келип тамактын сапатын, санитардык эрежелерине жооп бергендигин текшерип кетет. Бул жагынан көзөмөл абдан күчтүү, анткени мугалимдер ар-бир окуучунун ден соолугуна жооп беришет. Лицейдин мурдагы директору да, математика боюнча мыкты адис болгонуна карабай билимкананын ишинде кетирген кемчиликтерден кызматынан бошотулганын кыстарып айтып кетким келет.
Лицейде дили таза, чынчыл, коомдук мүлккө, байлыкка көз арттырбаган, тескерисинче жеке өзүнүкүн балдарга, келечекке бөлүп берүүгө жараган адамдар гана иштөөгө тийиш. Ошондо окуу процесси да, тарбиялоо маселелери да, лицейдин материалдык жактан калыптануусу да алдыга алгылыктуу кадам жасай алат.
Бул жагынан эске алганда, ушул сыяктуу лицейди өз айылында ачабыз деген адамдар иштин башынан эле абдан кылдат, жоопкерчиликтүү жана так болууга ыктымал. Эгерде чындап эле дүйнөнүн деңгээлиндеги мектепти уюштурууну максат кылышса. Бул тамаша эмес. Биздин психологиябызда калыптанган өзүбүзгө көрүнбөгөнү менен дүйнөлүк бийиктиктен дароо эле оркоюп көзгө урунган эгоисттик, өзүмчүлдүк, ач көздүк, кийинки муунду кодулоо, кемсинтүү жана башка терс, анти-педагогикалык касиеттерибизден, традицияларыбыздан акырын айрылышыбыз абзел. Албетте, пейилди оңдоо деген бир күндүк иш эмес – бул багытта бүгүндөн тартып жан талашып иштебесек эртең өзүбүз жалпы дүйнөлүк көп байлыктардан, жетишкендиктерден куру калабыз.
Лицейди уюштуруп, коллективди тандап жатканда башынан эле ишке кайсы бир себептерге байланыштуу жарабаган адамдарды көп создурбай алмаштыруу, ротациялоо, кызматынан бошотуу «механизмдери» так жана кылдат иштөөгө тийиш. Тууган болобу, доспу, таланты кайнаган инсанбы, ишке жарабаса өз ордун жөндөмдүү башка бирөөгө бошотуп бериш керек. Анысыз чеберчиликке жетүү кыйын.
Бул жагын эске алганда ЭЖИАД системасындагы негизги иштерди аткарган жумушчу группанын ишин үлгү катары айтып кетсе туура болот. Бул жерде, чынын айтыш керек, кызмат кылыш өтө кыйын, себеби Өмүрзактын коллективинде бир дагы жөнөкөй адам жок. Баардыгы ѳзүнүн тармагында жогорку квалификациядагы адистер. Маселен, Нурбек Имакеев компьютерлерди жана бөлөк оргтехниканы тейлөө боюнча жооп берет. Абдисалим Чылымов группанын уюштургуч иштерде Омурзактын оң колу, Нурмамат Алиев -«мотору», Игорь Ким, Энвер Атаманов, Камчыбек Касымов, Володя Первышин – булардын иштегенин көрүп эле айрым адамдардыбыздын башы айланышы мүмкүн. Жумуш берилдиби белгилеген саат минутага чейин аны сөссүз аткарууга тийишсин, дос болосуңбу, группанын мүдүрүсуңбү, талант жагынан зор адамсынбы, урматтуу аксакалсыңбы – баары бирдей биерде, ишти кантип бүгүн аткардын ошону менен гана бааланасың бугун, эртеңкиге эч кандай авансылар берлибей. Иштен тайганында – ошол күнү кетесин. Жагабы бизге, жакпайбы – биздин көз алдыбызда япондук жана немецтик модельдерге жакындаган кыргыз иш системасы пайда болууда.
Билимкана тибиндеги лицейдин жанданып кетиши – бир күндүк иш эмес. Андай ойлогондор лицей тууралуу кыялданбай эле коюшса болот. Таланттуу балдарыбызды тандап өстүрө турган модель алардын ата-энелери үчүн да кандайдыр бир зор сынакка, мектепке айланууда. Ооба, бул жалаң эле балдардын экзамены эмес алардын ата– энелеринин акыл менен иштөөгө, адилеттүүлүккө, коомдук кызыкчылыктын приоритетине, демократиялык сезимдердин, түшүнүктөрдүн өрчүшүнө мажбур кылат. Көп ата-энелер экзамен болгондо, өзүлөрү балдары менен кошо келишип, сынактын бардык стадияларынан өтуп, бул лицейде эч кандай көз боемочулукка, алдоого жол берилбегендигин өз көзү менен көрүшүп, баласы экзаменден кулаганда да эмдиги жылда жакшыраак даярданып келбесек деген ойдо ыраазы бойдон кетишет.
Бүгүнкү күндө лицейдин маңдайында Талант фонду тарабынан, ата-энелердин, спонсорлордун жардамы менен комплекстүү кошумча имарат курулуп жатат, негизги иштери аягына чыгып. Бул жерде ата-энелердин бөлмөсү (алыстан келген адамдар учун мейманкана), көйнөк тигүүчү жана килем сого тарган цех, жыгач жана темир менен иштей турган устаканалар, складдык бөлмөлөр жайгашкан болот. Комплекстин астында кеңири – узунан 20, тузүнөн 5 метрче келген бетондолгон жер төлөсү да бар. Устаканалар бир нече электроаранын түрлөрү, токардуу станок, ширетүүчү агрегат жана башка майда-барат аспаптар менен жабдууланат. Кыскасы, лицейде бизнестин эффективдүү түрүн баштоого толук мүмкүнчүлүктөр бар. Ал цехтерде лицейде окуган балдар-кыздар эмгек тажрыйбасын гана албастан, иштеп акча табууга да жолу ачылат.
Бул комплекстүү куруулушка, жогоруда айтып кеткенибиздей мугалимдер да, ата-энелер да, спонсорлор да, ошондой эле анча-мынча майда-чүйдө ыбырсыган иштерге лицеисттер да катышкан. Комплексти тез арада бүтүрөм деп, башынан киришкен Өмүрзак Мамаюсупов да миңдеген акчаны таап, жумшап, былтыр кезектеги отпускун толук ушул курулушка арнап, өзү цемент аралаштырып, кыш коюп, тамбашыга шифер жаап иштеген.
Өмүрзак Мамаюсупов: «Өзүңдүн чөнтөгүндөгү акчаны коомдун кызыкчылыгына жумшоо бул өтө татаал нерсе. Качан адам ушуга өз көңулу менен тапкан байлыгынын кайсы бир бөлүгүн берүүгө, коомдун пайдалуу ишине жумшоого жараганда тарбиянын иши соңунан чыккан десек болот. Тарбиянын эң татаал маселеси жана эң жогорку жетишкендиги мына ушунда. Балдарды да ушуга, бирөөгө берсең, сен дагы акыры аласың деген улуу аксиомага тырмактай кезинен көндүрүш керек».
Бул лицейди жыйырма жылдан бери бапестеп өстүрүп келген Өмүрзак Мамаюсуповду билимкананын мугалимдери менен кошулуп, мектептин чарбалык комплексинин курулушунда иштегенин элестетип ошол убактан бери бели ооруй турган болуп калат. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дуйшөндүн образы келбей койбойт. Эсиңердеби, тээ алыскы жыйырманчы жылдардагы чала-сабат мугалимдерибиз? Алыскы тоолуу айылдардагы балдарды окутабыз деген ниетте нечен кыйынчылык, азаптардан өтүп, караңгы акыры ушундай элдин инерциясын жеңип, алгачкы класстарды түзүп адамдардын жалындуу мээнети аркылуу биздин бүгүнкү көп жакшы жагы бар агартуу системабыз калыптанбадыбы. Мына эми Дүйшөндөн кийин жетимиш жыл өтүп, 20-кылымдын аягында ошол эле алыскы тоолуу аймактарда, ошондой эле азап-тозокторду кечип мурдагы билимдин базасында мектептин принципиалду жаңы түрү, модели жаралып жатат. Айылдык таланттуу балдардын мектеп-лицей, окуу процесси, сапаттуу билим берүү жагынан дүйнөдөгү эң мыкты мектептердин стандартына жакындаган Ноокат билимканасы. Буга чейин биз билбеген, көрбөгөн 21-кылымдын зор мектеби! Илимдин кандидаттары, докторлору, академиктери Дүйшөндүн түбөлүк образына кирип бул системаны куруп жатышпайбы! Кезектеги кылымга Фантастикалык саякат! Эски агартуу системанын базасынан келечектеги модельдин атылып чыгышы!
Лицейлердин перспективасы жана өлкөбүздүн келегечи
Бул лийцейлердин системасы аягына чыгып түзүлүп бүткөндө биздин коомубуз кандай пайда табат? Алыскы тоолук аймактарыбызда 40 ушундай сааттуу билимканалар иштеп калса, элибиз үчүн алардын кайтарымы кандай болот? Жашоо-шартыбыз кескин түрдө оңолобу же мурдагыдай эле элеттик жүрт катары өгөйлөнүп, жаңы турмуштун, цивилизациялык жетишкендиктеринен алыс жүрө беребизби?
Ар-бир районубузда жок дегенде бирден лицей уюшулуп чындап ишти баштаган болсо, баардыгы биригип жогорто келтирген санды түзөт.
Тоолуу аймактагы 40 лицей, анын туруктуу деңгээлде иштегени – Кыргызстан ар-бир жылы алты жүзгө жакын (600) сапаттуу дүйнөлүк дэңгээлдеги бүтүрүүчүлөрдү, кыргыз тилинде билим алган улан-кыздарды, өлкөнүн келегечин өзүбүздүн катарыбызга кабыл алган болобуз, туугандар.
Бул абдан чоң жана маанилүү сан болот. Себеби Кыргызстан бүгүн дал ушундай кадрларга абыдан муктаж болуп атат. Алардын баары англис, орус тилдеринде эркин сүйлөгөн болуп, ошол эле убакта кыргыз тилин, кыргыз мектебин жана мекенин эч убакта сатпаган патриоттор болушуп, физика, жана математика, информатика жана башка предметтер боюнча терең билимге ээ болуп, каалаган университет, институттуттандап, ошерде окууну улантып – кыскасы, беш-алты жылдан кийин биздин турмушубузга жыл сайын алты жүз мыкты жогорку билимдүү адисттер кошулуп турса жаманбы?
Эгерде алардын баары дүйнөлүк деңгээлдеги билими (демек түшүнүгү да) бар болгон элеттик кыз– жигиттерибизден болушса? Жыл сайын коомубузга алты жүзгө жакын келечектеги потенциалдуу эдисон, тесла, королев, ломоносовдор; айтматов, касымбековдор; ахунбаев, табышалиев, юдахин, иманалиевдер; мамаюсупов, эркебаев, саттарова, жакыпова, шаршекеевалар биздин коомубузуга кошулуп турса жаманбы? Биздин билим берүү системасы жогорку тартипке түшө баштаган болсо, бир дагы талантуу балабыз четте калбай, алар менен системдуу түрдө иштөө республикалык масштабда жылдан жылга ушул темпте өрчүп-өнүгө берсе не болот? Мындай динамикалык процесстердин, интеллектуалдык алдыга умтулуунун аягы эмнеге алып келет?
Турмушубуз таптакыр оңолуп, дүйнөлүк жашоодоогу эң мыкты стандартка баардыгыбыз сүрүлөбүз, ээ боло баштайбыз, урматтуу туугандар. Себеби учурдагы бардык кыйынчылык, азаптарыбыз мына ушундай талантарыбызды иргеп, ар-тараптан бапестеген, колдогон системанын жоктугунан болуп атпайбы. Арийне элеттик балдарыбыз, ошол эле алыскы толуу аймактардагы жашаган улан-кыздарыбыз, алардын ата-энелери, негизи кыргыз тилиндеги мектеп буга чейин колдоого алынбай, экинчи сорттогу атуулдарыбыздай тоо арасында камалып, жогорку сапаттагы билимге жетине албай жүрбөдүбү. Кыргыз тилиндеги мектеп жана билим берүү резервациядан, айылдык өтө төмөн деңгээлден чыга албай жүдөп-какап жүргөн. Совет бийлиги кыргыз мектебинин орус мектеби менен тең, акыйкат өнүгүүгө жол бербеген. Мына ошондуктан кыргыз бийлиги да, кыргыз интеллигенциясы да өз балдарын орус мектепте окутуууга жан-талашып аракеттенишип, кыскасы алар дагы кыргыз мектебин, кыргыз тилин жана алыскы элет жерлердин жашаган калың эл журтту, калдайган кыргыз элин сатып кетишкен десек туура болот.
Мына ошондуктан Англиядан келген педагогдор, Кыргызстандагы жалпы билим беррүүдөгү абал менен таанышып чыгып, жана Ноокат билимканасындагы тажрыйбасын изилдеп – мындай башталыш абдан келечектүү деп табышты, эгерде ушундай 40 лицейлер бардык Кыргызстандын аймактарында иштей баштаган болсо, «биздин билим системабыз силердикинен артта калган болот». Себеби, ошол эле англичандар айткандай, жашоодо бардык болгон кыйынчылык, азап– тозогу, жаман нерселер, кургакчылык, чөлдөр биринчиден адамдын башындагы чөлдөрдөн башталат, баардыгына биринчи кезекте кебезбаштар, чала билим алган адисттер, жетекчилер, доктурлар, мүдүрлөр күнөлү.
Чөлдүн эң коркунучтуусу
Кайсы чөл дүйнөдө эң коркунучтуу?
Сахара, Такламакан, Кызыл-Кумбу,
Бетбак-Дала, Невадаларбы
же Кыргызстандын Балыкчы, Баткен
какыраган кум талааларыбы,
же биздин эле Арал, Кум-Бель, Чымчык-Жарыбы?
Же баардыгынан коркунучтуусу
Алыскы Марстын кызыл түстүү топурагыбы,
чексиз суук жансыз панорамасыбы?
Жок, туугандар, баштын, калленин чөлү,
болот экен эң коркунучтуу илдети доордун,
акылдын жогу, билимдин тайкылыгы,
адамдын сабатсыздыгы менен жапайлыгы
бул жашоонун болот экен накта шору,
ичинен ырбап жаткан жарасы, азабы,
түшүнбөгөн заман ыргагын,
эч нерседен кабарсыз адамдын нөлү,
болсо да ал сенин жакын тууганың,
адамкерчиликтүү көрүнгөн өңү-түсү
жаратат экен жер жүзүн каптап жаткан чөлүн,
алардын эң коркунунчтуу, түптүүсүн.
Буга чейиңки Кыргызстандагы совет мезгилинде калыптанган жалпы орто билим берүү системасы, көп жакшы жактары болгону менен, дүйнөлүк стандарттагы билим берүү системасында тең келе албаган. Анын эң бир негизги кемчиликтеринин бири – бардык балдарды бирдей окутуу методикасы. Ар-бир баланы табигый жөндөөмүнө, акылына, аракетине анча деле маани берилбегендигинде. Ал турсун биздин психологиябызда 70 жылдан бери бекем уялап калган принцип «эл катары эле жүрсөң эң жакшы болот» деген сулуу, акыйкат сымал, бирок тамырынан натуура, табийгатка каршы келген социалисттик багыттама тамыр алып кетпедиби. Мына ошоондуктан биздин билим систиемасында эң кыйын окуган балдарды мугалимдер да анча деле жактырган эмес.
Америкадан келген илимпоз-окутуучулар айткандай: «Силерде жакшы окуган балдарды да жаман окуган балдар менен аралыштырып бир класста отургузганы – сапаттуу билим алууга бирден бир негизги кедерги болууда. Америкада жана көптөгөн өнүккөн батыштагы өлкөлөрдө башталгыч класстарда (биринчи – үчүнчү класстарда) бардык балдар бир класста отурушат, кийин, жогорку класстарда, ар-бир бала өзүнүн табигый деңгээлине жана кызыкканына жараша түрдүү класстарга жана группаларга бөлүнгөн болот».
Бул жерде кээ бир эски көз караштагы, коммунисттик духта тарбияланган аксакал-педагогдор мындай сунуштарга макул эмес болушу мүмкүн, «бөлүнгөндү бөрү жейт» деп, «балдарыбызды биринчи, экинчи сортко бөлбөй эле окутканыбыз жакшы же «жакшы менен жаманга балдарыбызды бөлгөн болсок, жакшыларды терип тандап, жамандарды эмне кылабыз?»
Мындай сындарга төмөндөгүдөй жоопту берсе туура болот. Билимканада жана бардык прогрессивдуу заманбап лицейлердегидей окуучуларды эрте жашынан тартып туура тандап, аларды группа группаларга бөлгөнү – бул табыгый процесс, ошонун негизинде коомчулукта өнүгүү да, тартип да бекем түптөлгөн болот. Чыныгы педагогдор элибизди бириктиребиз деген ниетте таланттарды өстүрүүчү системаны куруп жатышпайбы. Талант – бул кудайдын белеги жана буйругу, аны байкабай, ылгабай иштөө эч убакта жакшы натыйжараларды алып келген эмес, жана алып келе албайт. Айланадагы көп жана түрдүү жаратылышка, табиятка көз чаап көргүлөчү? Айбандар дүйнөсүндө болобу, гүл-өсүмдүктөрдүн арасындабы, адамзат коомундабы – бардык жерде теңсиздик принциби өкүм сүрүүдө. Кайсы группаны албагын, анын арасынан сөссүз түрдө кыйындары, ортолору, чабалдары бөлүнүп чыгышат. Кандай социумду албагын, ал турсун айбандар дүйнөсүндө да, ар-бир мүчөөнүн талантына, жөндөмүнө жараша жана группанын жалпы пайдасына жараша ички иерархиялык модель, түзүлүш канчалык эрте жана чебер, так түзүлгүн болсо, ошончолук баардыгы үчүн жакшы, пайдалуу болот. Мындай чебер токулган «ар ким өзүнүн ордун туура тапкан» системадан баардыгы уткан болушат – кыйындары да, чабалдары да, ортолору да.
Албетте адамзат дүйнөсү айбандар дүйнөсүнө караганда ченемсиз татаал, айбандар көбүнчө физикалык жактан бири биринен айырмаланса, адам баласынын градацияланганы чексиз. Бирөө жаратылышынан физикалык жактан палван болуп жаралат, бирөө рухий жактан чыгаан болот, бирөө илимдер дүйнөсүндө Искендердей болуп, бирөө музыка дүйнөсүндө Моцарттай шыктуу болуп, бирөө китеп жазууга жаралып, бирөө элди башкарганга, уюштуруу иштерге өтө эптүү болуп жатпайбы. Жаратылыштын негизги принциби ушундай болгон соң, кантип биз бардык балдарды бир класста олтургузуп бир программа менен окутуп, бири-бирине койдой окшоштуруп коет элек? Мындай мамиле – чабал мамиле, адамдарды бийик көтөрүүнүн ордуна, аларды басмырлап, пастатууга, бардыгын желдеттерге, солдаттарга, роботторго айландырууга аракеттенген система болот.
Ар-бир бала кайсы бир жагынан жөндөмү бар, ошол жагын тырмактай кезинен жиликтеп таап өстүрүү – мына ушул нерсе мектептин негизги парзы болот. Таланттарды издеп өстүрүүнүн ордуна бардык балдарды бир класста аралаштырып эптеп-септеп окутуу – бул азыркы заманбап педагогикалык принциптерине да, жөнөкөй гумандуулукка да туура келбеген жат көрүнүш.
Баса, Ноокат билимканасы иштегенден тартып, анын алдында жайгашкан Кара-Таш орто мектептин мугалимдер коллективине жана окуучуларга да позитивдү таасир берүүдө. Yйрөнөбүз деп алар дагы кызыгып келишет, консультация алышат, жаңы педагогикалык усулу менен иш-жүзүндө таанышып, аларды терең өздөштрүүгө мүмкүндүк алышат. Орто мектептин балдары да лицеисттер менен сабактан тышкары болгон убактарда бирге жүрүп, алардан көп нерселерди үйрөнүүдө, билимдин кадыры жогорулап. Чечме-Сайдын жалпы эли да Ноокат билимканасы аркылуу өзүн таанып жатпайбы, ар жактан келген конокторду күнүгө көрүп, алар менен таанышып, сыймыктанып дегендей. Мындай болгон соң айыл да өзүнчө тартипти сактоого аракет жасаганын байкасак болот. Бул айылда жергиликттүү эл да башка айылдарга салыштырганда ичкиликке азыраак берилгени да ушул себептен болуп жүрбөсүн. Кандай болгондо да чыныгы билимдин, таза ойдун, келечекке койгон улуу максакттын өзүнчө жашыруун сыры, чексиз күчү, кубаты, ички энергиясы бар эмеспи.
Лицейдин сексенден ашуун окуучусу ондогон мугалим, тарбиячылары менен биригип өзүнүн булактай таза ойлору алдыга койгон максаттары, аруу сезимдери, изги тилектери менен Чечме-Сай ноосферасында өтө кубаттуу энергетикалык полюсту, пульсарды жаратып жатышпайбы. Ал интеллектуалдык полюс Чечме-Сайдын микрокосмосун бийлеп, өзүнүн нурдуу, жылдызду торчосун кеңири жайып, анын позитивдүү фактору катары бул айылдын жаратылышы да өзүнчө кооз, жолуккан адамдардны жүздөрү да бөтөнчө жарык, маңдайы ачык болуп жүрбөсүн. Жашоодогу бардык нерсе бири-бирине тыгыз, көп түрдүү, көп фукцианалдуу байланышта өсөт, өнүгөт эмеспи. Жалгыз бир киши сен тууралуу жакшы ойлогон болсо да анын таасири дароо эле байкалат. Ал эми сенин туулган айылыңда, тоо боорунун астында Кыргызстандын жаркыраган келечеги өсүп тарбияланып жатса, күндүр-түндүр билимдин таза булагынан суу ичип, келечктин канаты ачылып, кантип сен дагы өзгөрбөй койот элең? Чечме-Сай айылына гана эмес, бул лицейдин позитивдүү таасири бүт районго, ал турсун областка, республика да тийип жатпайбы. Кыязы бул лицейге чейин Кыргызстан да таптакыр башка өлкө болгондой сыяктанат мага.
Ооба, бизде совет доорунун 70-жылынын арасында жаралган бир топ чоң ийгиликтерибиз бар болгон. Бүт өлкөбүз боюнча 2 миңге жакын орто мектеп иштеп, элибиздин 100 пайызы сабаттуулукка жетише алды. А бирок сапат жагынан алсак, кыргыз мектеби традициондуу түрдө орус мектебинен кыйла эле артта калып жүрбөдүбү, биздин күнүмдүк турмушубуздун көнүмүшүнө, традициясына айланып. Ушундай болуш керек деп партия менен өкмөт дагы калайык калкыбызды көндүрбөдүбү. Ошондуктан чоңдордун балдар-кыздары орус мектептерге окушуп, кыргыз тил мектеби айыл деген чоң резервацияда камалып, артта калып… Кыргыз тилинде 80-жылдардын аягына чейин бир дагы спецмектеп, адистештирилген окуу жайы болгон эмес. Ал турсун жетимиш жылдардан бери совет мезгилинде борбор калаабызда, Бишкекте, жалгыз кыргыз номер 5-кыргыз орто мектеби болгон. Калган кыргыз мектептеринин бүт баары алыскы тоолуу аймактарда камалып, дымыгып күн көргөн. Мына ошондуктан борбордогу кыргыз тилиндеги 5-чи мектеп кыргыз интеллигенттерибиздин башаты болуп, нечендеген акындар, илимпоздор, педагогдор, саясый ишмерлер ушул улуттук билим бешигинен тарбияланып чыгышпадыбы. А бирок шаарыбызда бул жалгыз мектеп болгон соң, массалык түрдө сапаттуу улуттук кадрларды жаратууга жарабады, андай болууга да мүмкүн эмес эле. Мына ошондуктан биз бүгүн улуттук сапаттуу кадрлардын жетишпегендигинен кыйналып жатпайбызбы, экономикалык реформалар турмушка ашпай, чайналып, билимдин чабалдыгынан, акылдуу, даректуу адисттердин аздыгыган, жаңы идеялардын кабыл алуучу мээлердин даяр эместигинен, жакшы ниеттеги иш-аракеттерибиз да ишке ашпай, жашоо турмушубуз түз болгон жерден деле кээде өзүнөн өзү бүктөлүп, тыгылып, мүдүрүлүп алдыга жылбай, карама-каршылыктар, талаш-тартыштар жок жерден пайда болуп жатпайбы.
Внимание! Это не конец книги.
Если начало книги вам понравилось, то полную версию можно приобрести у нашего партнёра - распространителя легального контента. Поддержите автора!Правообладателям!
Данное произведение размещено по согласованию с ООО "ЛитРес" (20% исходного текста). Если размещение книги нарушает чьи-либо права, то сообщите об этом.Читателям!
Оплатили, но не знаете что делать дальше?